Өткөн жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодасы 5,9 млрд долларды түзгөн
2025-жылы Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон өз ара соода жүгүртүүсү 5,9 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдады.
Расмий маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 7,7%га өскөн. Соода жүгүртүүсүндөгү эң ири үлүш Россияга туура келип, ал 64,9%ды түзгөн. Ал эми Казакстан менен болгон соода 31,5%ды камтыды.
Адистердин пикиринде, мындай өсүш Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдиги алкагындагы экономикалык байланыштарынын бекемделип жатканын көрсөтөт.