Импортко көзөмөл күчөтүлөт: техникалык талаптар боюнча семинар өттү

Импортко көзөмөл күчөтүлөт: техникалык талаптар боюнча семинар өттү

Экономика жана коммерция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгы Мамлекеттик бажы кызматынын адистери үчүн техникалык жөнгө салуу жана продукциянын Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерине шайкештигин баалоо боюнча семинар-консультация өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Иш-чарага Стандартташтыруу жана метрология борборунун, курулушта сертификаттоо боюнча республикалык борбордун, байланыш тармагын сертификаттоо органынын, ошондой эле сертификаттоо органдарынын ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.

Семинарда техникалык жөнгө салуу мыйзамдарын колдонуудагы практикалык маселелер, тышкы экономикалык ишмердүүлүктө продукциянын техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарына шайкештигин тастыктоо тартиби жана сыноо үчүн продукциянын үлгүлөрүн алып келүү жол-жоболору талкууланды.

Ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоодо шайкештик сертификаттары менен декларацияларынын аныктыгын текшерүү жана ыйгарым укуктуу органдардын өз ара аракеттенүүсү каралды.

Тараптар бажылык жол-жоболоштуруудагы актуалдуу маселелерди талкуулап, ички рынокко кирген продукциялардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматташууну күчөтүүгө макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 га жайыт жер мамлекетке кайтарылды

Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 га жайыт жер мамлекетке кайтарылды

Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 гектар жайыт жер боюнча соттук териштирүү жыйынтыкталып, жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө үйлүү болот

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө үйлүү болот

2025-жыл Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан пайдаланууга берилген турак жайлар боюнча рекорддук жыл болгонун 27-февралдагы республикалык жыйында Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, МИК буга чейин болуп көрбөгөндөй жогорку көрсөткүчкө жетишти: 4,6 миң үй-бүлө өз батирлеринин ачкычтарын алышты. Бул акыркы төрт жылдагы жалпы көрсөткүчтүн жарымына барабар. Президент белгилегендей, турак жайлардын көбү

Кыргызстандык Кундуз Курбанкулова жүндөн жер семирткич чыгарып жатат

Кыргызстандык Кундуз Курбанкулова жүндөн жер семирткич чыгарып жатат

2025-жылдан тарта ишкер Кундуз Курбанкулова койдун жүнүн кайра иштетүү аркылуу дыйкандар үчүн экологиялык таза жер семирткич өндүрүп, сатыкка чыгара баштаган. Анын өндүрүшү менен Айыл чарба министрлигинин Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаменти таанышып чыкты. Бул продукция топурактын түшүмдүүлүгүн жогорулатып, нымдуулукту сактоого жардам берет жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнө оң таасирин тийгизет.

Президент Садыр Жапаров 5 жылда ирригациялык инфраструктура кыйла оңолгонун билдирди

Президент Садыр Жапаров 5 жылда ирригациялык инфраструктура кыйла оңолгонун билдирди

Суу ресурстары айыл чарбасын өнүктүрүүнүн негизги фактору болуп саналат, ошондуктан мамлекет ирригациялык инфраструктураны модернизациялоого өзгөчө көңүл буруп жатат деп билдирди республикалык жыйында Президент Садыр Жапаров билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, акыркы 5 жыл ичинде өлкөдө жаңы каналдар, насостук станциялар жана гидротехникалык курулмалар курулуп, иштеп жаткан объекттердин олуттуу бөлүгү реконструкцияланган. Мындан тышкары,