Кыргызстан менен Румыния кош салык салууну жоюуну талкуулашты

Кыргызстан менен Румыния кош салык салууну жоюуну талкуулашты

23-26-февралда Бухарест шаарында Кыргызстан менен Румыниянын расмий делегациялары кирешеге салынуучу салыктар боюнча кош салык салууну жоюу жана салыктарды төлөөдөн качууну болтурбоо тууралуу Макулдашууга кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар документтин долбоорун кеңири талкуулап, анын негизги жоболору боюнча принципиалдуу макулдашууга жетишти. Макулдашууга ар бир өлкөдө каралган ички жол-жоболор аяктагандан кийин кол коюлат.

Документтин негизги максаты — эки өлкөдө иш алып барган чарба субъекттеринин кирешелерине карата кош салык салууну жоюу. Бул Кыргыз Республикасы менен Румыниянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары, Макулдашуу резиденттерди дискриминациялык салык салуудан коргоону, салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алууну жана эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда маалымат алмашууну камтыйт.

Мындан тышкары окуңуз

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган

Э.Акунбеков: Кыргызстанда сугат жерлердин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жетти

Э.Акунбеков: Кыргызстанда сугат жерлердин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жетти

Кыргызстанда сугат жерлеринин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жеткенин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык кеңешмеде айтты. Министрдин маалыматы боюнча, 2025-жылы 4 455 гектар жаңы сугат жер пайдаланууга берилди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 22 эсе жогору