Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады
Бүгүн журналисттер, блогерлер, балык өстүрүүчүлөр жана кызыккан активдүү жарандар үчүн Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан "Тянь-Шань форель" ЖЧКсынын балык жемин өндүргөн жаңы заводуна пресс-тур уюштурулду.
Балык жемин чыгарган бул заводдун курулушу 2025-жылы май айында башталган. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 7 млн долларды түзөт. Анын ичинен 5 млн доллар мамлекеттик банктан жеңилдетилген насыя алынган.
Өндүрүш кубаттуулугу күнүнө 100-120 тонна жем өндүрүүгө ылайыкташкан. Бирок, азырынча завод толук кубаттуулукта иштей элек. Ошондуктан күнүнө 30-40 тонна гана балык жемин өндүрө баштады. Заводдо учурда балык жеминин 12 түрү өндүрүлүүдө.


Бул өндүрүш балык жемин Иран технологиясы менен өндүрүүгө ылайыкташкан. Негизинен форель балыгынын жемин өндүрүүгө басым жасалат.
Балык жеминин 1 кг баасы 200 сом. Чабак балыктардын жеминин 1 кг баасы андан бир аз кымбатыраак болушу мүмкүн. Импорттолгон балык жемдеринин баалары сапатына жараша 175 сомдон 250 сомго чейин.
"Тянь-Шань Форель" ишканасынын өндүрүшү Панфилов районунда, болжол менен 7 гектардай жер тилкесине курулган. Ишкана толук ишке кирсе, 100дөн 120га чейин туруктуу жумуш орундары түзүлөт.