ЖК депутаты журналисттердин турак жай, маяна маселесине көңүл бурууну сунуштады

ЖК депутаты журналисттердин турак жай, маяна маселесине көңүл бурууну сунуштады

Өлкөдө журналисттердин турак жай маселесинен баштап айлык акысына чейин көңүл буруу зарыл экенин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салтанат Аманова билдирди.

Анын айтымында, учурда коомчулукту такталган маалымат менен камсыздоодо журналисттердин эмгеги бааланышы зарыл. Азыр алардын маянасы 13 миңден 20 миңге чейин, эң көп алганы 30 миң сом.

Мындан улам эл өкүлү өлкө башчысы журналисттердин маселесине көңүл буруусу кажет деген ойдо.

“ Журналисттик иликтөөлөрдүн болбой, журналистиканын башка стилдеги чыгармаларынын жаралбай, гезит-журналдардын дээрлик жок болуп жатышы журналистикага көңүл бурулбай жаткандан кабар берет. Ушул маселеге өлкө башчысы көңүл бөлүшү зарыл деп ойлойм. Биринчи кезекте эл кимге ишенет? Маалыматтык талаадагы мыкты журналисттердин берген пикирлерине, чындыкка ишенет. Бардыгыбыздын маалыматты жеткиргенге мумкүнчүлүгүбүз жок, блогерлик деңгээлден чыга албай жатабыз да. Ал эми чындыкты факты менен статистикалык маалыматтар менен журналисттер жеткирет. Ошондуктан турак жай маселелсинен баштап айлык акысына чейин карап чыгуу үчүн журналистикага кайрадан көңүл бурбасак болбой калды”, - деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэриясы транспорттук каражаттарды сатуу аукционун жарыялады

Бишкек мэриясы транспорттук каражаттарды сатуу аукционун жарыялады

Муниципалдык мүлк  башкармалыгы Бишкек шаарынын мэриясына таандык транспорттук каражаттарын сатуу боюнча аукцион жарыялады. Муниципалитеттен билдиришкендей, 77 лоттон турган аукцион 2026-жылдын 13-мартында саат 10:00дө Бишкек шаарынын Чокморов көчөсү, 246 дарегинде башталат. Арыздар 2026-жылдын 9-мартына чейин кабыл алынат. "Ачык аукционго катышуу үчүн талапкерлер Муниципалдык мүлк башкармалыгына лоттун номерин, өздүгүн тастыктаган

Баткен облусунда турак жайды камсыздандыруу  1,4%га өстү

Баткен облусунда турак жайды камсыздандыруу 1,4%га өстү

Баткен облусунда турак жайын камсыздандыргандардын саны 1,4%га жогорулаганын "Кабар" агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Баткен филиалынын директору Жайлообек Жакшылыков билдирди. Директор белгилегендей, жыл башынан бери турак жайы зыянга учураган 4 жаранга 489 миң сом төлөнүп берилди. Ал эми 2025-жылы облуста 13 жаранга жалпы 1 млн 636 миң

Парламентте асыл тукум мал чарбачылыгы жөнүндөгү мыйзам долбоору кабыл алынды

Парламентте асыл тукум мал чарбачылыгы жөнүндөгү мыйзам долбоору кабыл алынды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоору асыл тукум жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Анын негизинде өлкөдөгү мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, мыйзамдардагы кемчиликтерди жоюу үчүн Кыргызстанда асыл тукум ишин регламенттештирүүчү жана жөнгө салуучу

Жогорку Кеңеште суу тарифин 37 сомго чейин көтөрүү сунушталды

Жогорку Кеңеште суу тарифин 37 сомго чейин көтөрүү сунушталды

Депутат Табылды Муратбеков Кыргызстанда ичүүчү суу үчүн тарифтерди көтөрүүнү сунуштады. Анын айтымында, өлкө боюнча орточо тариф 14,38 сомго өскөндө 1 метр куб суунун баасы 36,99 сомго жетиши мүмкүн. Депутаттын пикиринде, учурдагы тариф суу камсыздоо кызматтарынын реалдуу чыгымдарын жаба албайт. Финансылык жетишсиздиктен айрым облустардагы суу түтүктөрү эскирүүгө учурап, суу