Швейцариянын "Аракет" долбоору 5 млн сомго 16 бизнес демилгени колдоого алат

Швейцариянын "Аракет" долбоору 5 млн сомго 16 бизнес демилгени колдоого алат

24-февралда Ош шаарында, ал эми 2-мартта Бишкек шаарында швейцариялык "Аракет" долбоорунун алкагында бизнес-идеялар сынагынын финалдык этаптары өттү.

Сынактын негизги максаты — Бишкек жана Ош шаарларындагы тандалган жаңы конуштарда жашаган аялдарды колдоо жана алардын ишкердик демилгелерин ишке ашыруу аркылуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Тандоонун жыйынтыгында:

  • Бишкекте 11 аял,
  • Ошто 5 аял жеңүүчү болуп аныкталды. Алар бизнес баштоо же кеңейтүү үчүн гранттык колдоо алышат.

Ар бир жеңүүчүгө ишин баштоо же өнүктүрүү үчүн керектүү жабдуулар берилет. Бир катышуучуга берилген гранттын көлөмү 200 миң сомдон 350 миң сомго чейин.

Жеңүүчүлөрдүн долбоорлору ар түрдүү тармактарды камтыйт:

  • сулуулук салондору
  • балдар үчүн билим берүү борборлору
  • кулинардык жана кондитердик цехтер
  • тигүү устаканалары
  • эс алуу жана тиричилик кызмат көрсөтүү борборлору
  • фитнес-залдар
  • конструктордук студиялар

Ошентип, долбоордун учурдагы этабында жалпы 5 млн сомго чейин каражатка 16 бизнес демилге колдоого алынат.

"Аракет" швейцариялык долбоору Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, Кыргызстанда GFA Consulting Group консалтинг компаниясы тарабынан жергиликтүү өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылууда. Долбоор Бишкек жана Ош шаарларындагы 11 жаңы конушта жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media