Чет өлкөдө коопсуз иштөө: шылуундардын тузагына түшпөңүз

Чет өлкөдө коопсуз иштөө: шылуундардын тузагына түшпөңүз

Чет өлкөдө мыйзамдуу жумушка орношуу – бул туруктуу киреше таап, машина сатып алуу, үй куруу же алтургай бизнес ачуу сыяктуу чоң кыялга акча топтоп алуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Бирок жумуш издеп жүргөндө шылуундарга да кезигип калышыңыз ыктымал экенин эстен чыгарбашыңыз керек. Economist.kg алдамчыларды ажырата билип, акчаны жоготуп алуудан коргой турган эскерткичти даярдады.

2022-жылдан бери Сезондук жумушчулардын программасына катыша ала турган кыргызстандыктардын саны көбөйдү. Бул Программа Улуу Британиянын айыл чарба тармагында чет элдик жарандарга мыйзамдуу жумушту сунуш кылып келет. Жумушка барууну каалагандар Программанын расмий оператору аркылуу онлайн каттоодон, тестирлөөдөн жана маектешүүдөн өтүшөт.

Үч этаптан тең ийгиликтүү өткөндөн кийин талапкер менен алты айлык келишим түзүлөт – бул мөөнөт аяктагандан кийин ал мекенине кайтып келүүгө тийиш. Бирок жумушка орношуунун жол-жобосун билбегендиктен жана өтө ишенчээктиктен улам айрымдар шылуундардын тузагына түшүп калышууда.
Сүрөттө: Улуу Британиянын айыл чарбасында иштегиси келгендердин катары калыңдап жатат, ушундан улам шылуундар мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган жок.

Шылуундар кандай схеманы колдонушат?

Эң кеңири тараган алдамчылык схемасы дайыма бир сценарий боюнча эле ишке ашат: шылуундар маянасы жогору болгон “кыялдагы жумушту” сунушташат, ишенимге кирип, эмгек келишимин түзгөндөн баштап, барчу өлкөгө учак билетин сатып алууга чейин ар кандай кызматтарды көрсөткөнүнө акча талап кылышат. Анан акчаны алган соң байланышты үзүп, жок болуп кетишет. Эмесе, шылуундар колдонгон схема тууралуу эскерткич даярдадык.

Шылуундар курмандыгын Instagram, Facebook, TikTok сыяктуу социалдык тармактарда издеп, жумушка орноштуруу тууралуу жасалма жарыяларды жайгаштырышат. Иш издеген адам кызыгып суроо бере баштаганда сүйлөшүүнү WhatsApp’тан же Telegram’дан улантуу сунушталат, себеби ал жакта чатты каалаган убакта өчүрүп, адамды блоктоп, карматпай жок болуп кетүү оңой болот. Адатта диалог орус тилинде жүргүзүлөт.

Иш издеп жүргөн адамды адегенде вакансия чындап бар экенине ынандырышат. Ал расмий жумушка орношорун, айлыгы жогору болорун убада кылышат. Ошол эле маалда алар ойлонуп көргөнгө убакыт калтырышпайт: “Үлгүрүп калыңыз, орундар чектелүү” деп шаштыргандыктан иш издеген адам жакшы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберүүдөн коркот.
Сүрөттө: Англияда жумушка орноштуруу тууралуу жалган жарыялар ушундай болот.

Үчүнчү этапта иш издегенге келишимди, жумуш берүүчүнүн каттоосун, визалык форманы жана жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган башка документтерди жиберишет. Тажрыйбасы болбогон адам документтер жасалма экенин билбей калат, ал мунун баарын чын катары кабыл алат. 

Акырында шылуундар жумушка кепилдик алуу/каттоодон өтүүгө жардам берүү/виза/медициналык камсыздандыруу/авиабилет же башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы сурашат. Акча колго тийгенден кийин алар байланышка чыкпай калышат. Натыйжада иш издеген адам акчадан да куру калат, жумуш да таппайт.

Бул маанилүү!

КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуу борбору Улуу Британияда Сезондук жумушчулар программасынын алкагында ишке орношуу акысыз экенин эскертет. Жумушка расмий жана мыйзамдуу жол менен төрт оператор орноштурат. Алар: HOPS Labour Solutions Ltd., ProForce, AgriHR жана Fruitful Jobs. Каттоого шилтеме расмий булактарда гана жарыяланат:

Шылуундардын курмандыгына айланбаш үчүн эмнелерге көңүл буруу зарыл

Жөнөкөй, бирок маанилүү эрежелер чет өлкөдө жумуш издеп жатканда жагымсыз тажрыйбадан алыс болууга жардам берет:

•          Улуу Британиянын Өкмөтү берген лицензиясы бар расмий операторлорго гана ишениңиз. Операторду gov.uk деп аталган расмий сайттан төмөнкү шилтеме боюнча текшере аласыз: Register of licensed sponsors: workers - GOV.UK.

•          Операторго кайрылганда лицензияны жана ИННди сураңыз.

•          Шектүү шилтемелерди баспаңыз жана өзгөчө бейтааныш адамдардан келген файлдарды жүктөбөңүз.

•          WhatsApp (жергиликтүү же чет өлкөлүк номерлер, мисалы +44 же +1 коду менен), Telegram же Instagram аркылуу жумушка орноштуруу тууралуу сунуш менен жазгандарга ишенбеңиз.

•          Паспортуңузду, жеке жана банктык маалыматыңызды мессенжерлер аркылуу жөнөтпөңүз.

•          Тааныбаган адамдарга жумушту брондоп коюу үчүн да, виза үчүн да, башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн да эч качан акча которбоңуз.

•          Кол коердун алдында эмгек келишимин кунт коюп окуп чыгыңыз, майда шрифт менен жазылгандарга өзгөчө көңүл буруңуз. Сак болуп, маалыматты кайра-кайра текшергенден тартынбаңыз.

•          Эгерде күмөн санап жатсаңыз, маалыматты КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуу борборунан текшериңиз. Ыкчам байланыш номерлери: "1899", +996 (224) 55-03-32, +996 (227) 55-03-32.

ШЫЛУУНДАРГА ЖОЛУГУП КАЛСАҢЫЗ ЭМНЕ КЫЛЫШ КЕРЕК

Эгерде сизди алдап жатканын байкап калсаңыз, чукул аракеттерди көрүш керек. Кылмыштын бетин ачуунун натыйжалуулугу адатта сакталып калган далилдерден жана милицияга өз убагында кайрылуудан көз каранды болот.

·      Бардык кат жазышууларды, анын ичинде чектерди, акча которууну, телефон номерлерин жана реквизиттерди сактап калыңыз.

·      Шылуундарды блоктоп коюп, ички иштер органдарына арыз менен кайрылыңыз.

·      Окуя тууралуу КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна кабар бериңиз.

·      Мүмкүнчүлүк болсо, өз тажрыйбаңыз тууралуу ачык айтып бериңиз (бирок жеке маалыматтар менен бөлүшпөңүз!) – сиздин окуяңыз башкаларды ушул сыяктуу схемалардан коргоп калат.

Бул басылма Эл аралык өнүгүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул басылманын мазмуну сөзсүз түрдө Улуу Британиянын өкмөтүнүн расмий көз карашын чагылдырбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында архивдин жаңы имараты 5 млн 343 миң сомго каржыланды

Манас шаарында архивдин жаңы имараты 5 млн 343 миң сомго каржыланды

Архив кызматынын 100 жылдыгына карата Манас шаардык мамлекеттик архивинин жаңы имаратынын ачылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага Жалал-Абад облус башчысынын биринчи орун басары Шабдан Абдырайым уулу, мэрдин орун басары Кубанычбек Шерматов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу жана архив кызматкерлери катышты. Жаңы имарат архивдик

Садыр Жапаров жаңыланган “Манас”  аба майданынын абалын текшерди

Садыр Жапаров жаңыланган “Манас” аба майданынын абалын текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров ири жаңылоодон кийин “Манас” эл аралык аба майданына пландан тышкары барып, анын абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин админстрациясынан билдиришти. Президент аэропорттун аймагын, жүргүнчүлөрдү жана чет элдик делегацияларды тосуп алуу залдарын көрүп чыгып, жакынкы күндөрү өтө турган ШКУ саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана башка эл аралык

Гепатология борборунун пайдубалына мезгил кутусу салынды

Гепатология борборунун пайдубалына мезгил кутусу салынды

Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында курула турган адистештирилген Гепатология борборунун пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Аземге Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, министрлер, Бишкек шаарынын мэри жана башка жетекчилер катышты. Марлен Маматалиев жаңы борбор боор ооруларын эрте аныктоого, заманбап деңгээлде дарылоого

"Рухтун жел кайыктары": Ысык-Көлдө эл аралык регата башталды

"Рухтун жел кайыктары": Ысык-Көлдө эл аралык регата башталды

Иш-чаранын активдүү катышуучуларынын арасында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Россиядан келген ден соолугунан майыптыгы бар адамдар бар. 2026-жылдын 24-августунан 5-сентябрына чейин Кыргызстандын Ысык-Көлүндө "Рухтун жел кайыктары – 2026: Экстрабилити кыймылы. Улантууну тандайбыз" эл аралык инклюзивдик долбоорунун биринчи этабы өтүүдө. Долбоор "Росатом" мамлекеттик