Дүйнөлүк рынокто мунайдын баррелинин баасы дээрлик 100 долларга жетти

Дүйнөлүк рынокто мунайдын баррелинин баасы дээрлик 100 долларга жетти

Мунайдын бир баррелинин баасы дээрлик 100 долларлык чекке жетти. Бул акыркы төрт жылга жакын убакыттан берки эң жогорку деңгээл. Баанын өсүшү Жакынкы Чыгыштагы ири өндүрүүчүлөрдүн мунай өндүрүшүн кыскартышы жана Перс булуңунда мунай ташуулардын токтоп калышы менен байланыштуу экенин Financial Times жазды.

Маалыматка ылайык, Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормуз кысыгын бөгөттөп койгон. Бул кысык дүйнөлүк мунай жеткирүү жолдорунун эң маанилүүлөрүнүн бири болуп эсептелет.

Financial Times басылмасынын жазышынча, эми Сауд Арабиясы, БАЭ, Ирак жана Кувейт мунай өндүрүшүн кыскартышы же айрым кендерди толугу менен жабышы мүмкүн. Себеби Перс булуңунда мунай топтолуп, сактагычтар толуп кетүү коркунучу жаралууда.

Мунай кендерине жана энергетикалык инфраструктурага болгон кийинки чабуулдар дагы жаңы коркунучтарды жаратып, мунай баасынын акыркы төрт жылдагы эң чоң секирик менен өсүшүнө алып келиши мүмкүн деп айтылат макалада.

Эске салсак, Кувейт буга чейин эле айрым кендерде мунай өндүрүшүн кыскарта баштаган. Мунун негизги себеби — Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу көмүрсутектерди чет өлкөлөргө жеткирүүдө көйгөйлөр жаралып, сактагычтардын толуп кетиши.

Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк мунайдын болжол менен 20%ы жана Перс булуңундагы өлкөлөрдөн чыккан суюлтулган жаратылыш газынын 30%ына чейин өтөт. Бул ресурстар Ирак, Сауд Арабиясы, Кувейт, Бахрейн, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарынан негизинен Азия рынокторуна жөнөтүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду. Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганы белгиленет. Токтомго ылайык, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди