Кыргызстанда 5 жылда 141 тонна алтын өндүрүлгөн
Кыргызстанда акыркы беш жыл ичинде 141 тонна алтын казылып алынганын Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин министр орун басары Асель Раимкулова билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылга чейин өлкөдө жыл сайын орто эсеп менен 15 тонна алтын өндүрүлчү.
"2021–2025-жылдары алтын өндүрүү көлөмү жылына 26 тоннага чейин өстү. Жалпысынан акыркы беш жылда 141 тонна алтын казылып алынды", — деди Раимкулова.
Ал ошондой эле 2025-жылы Кумтөр кен жайы толугу менен мамлекеттик көзөмөлгө өткөнүн кошумчалады.
Анын маалыматына ылайык:
- 2025-жылы алтын өндүрүүдөн ишкананын таза пайдасы 706 млн долларды түзгөн;
- 2024-жылы жер алдындагы иштетүү боюнча изилдөөлөрдүн жүрүшүндө борбордук карьерде 147 тонна алтын аныкталган;
- 2025-жылы кен калдыктарын сактоочу жайда 121,4 тонна алтын жана 225 тонна күмүштүн запасы табылган.
Раимкулованын айтымында, бул жаңы табылган запастар Кумтөр кен жайын дагы көп жылдар бою ийгиликтүү иштетүүгө жана өлкөгө туруктуу киреше алып келүүгө мүмкүнчүлүк берет.