Кыргызстанда алтын, жездин канча кору бар?
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өлкөнүн минералдык-сырьелук базасынын абалы тууралуу маалымат берди.
Анын берген маалыматына ылайык, 2026-жылдын башына карата Кыргызстандагы пайдалуу кендердин кору төмөнкүдөй:
Алтын – болжол менен 1 миң тонна;
Күмүш – 1 миң 196 тонна;
Жез – 960 миң тонна;
Көмүр – 1,9 млрд тонна.
Министрдин орун басары белгилегендей, бул көрсөткүчтөр өлкөнүн тоо-кен тармагындагы чоң потенциалын айгинелейт жана мамлекеттик деңгээлде кендерди натыйжалуу пайдалануу иштери улантылат.