Кыргызстанда жыл башынан бери кен иштетүүчү 20 компанияга лицензия берилди
Кыргызстанда бардык лицензиялар мыйзамда белгиленген тартипте, сунушталган материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча жана бардык процедураларды сактоо менен берилип жатканын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, 2026-жылдын башынан азыркы убакытка чейин лицензия алуу боюнча арыздар каралып, 20 компанияга лицензия берилген, анын ичинде:
- көмүр казып алуу үчүн — 12 лицензия;
- мунай жана газ үчүн — 3 лицензия;
- алтын казуу үчүн — 3 лицензия;
- кен эмес материалдар (инерттик материалдар) үчүн — 2 лицензия.
Министрликтин билдирүүсүндө айтылгандай, кабыл алынган чечимдер тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн минералдык-чийки зат базасын натыйжалуу өздөштүрүүгө багытталган.
"Бул долбоорлорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүүгө, бюджетке салык түшүүлөрдү көбөйтүүгө жана аймактар үчүн кошумча социалдык-экономикалык пайда алып келүүгө мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.