"Түндүктөгү" пенсиялык топтом эмнеге азайып кетиши мүмкүн?-Соцфонд
Социалдык фонд "Түндүк" тиркемесинде пенсиялык топтомдордун көрсөтүлүшү боюнча расмий түшүндүрмө берди.
Буга чейин бир жаран пенсиясынын топтом бөлүгүндөгү каражат азайып кеткенин билдирген. Анын айтымында, ал тиркеме аркылуу түшүүлөрдү дайыма көзөмөлдөп турат жана март айында топтолгон сумма февралга караганда аз болуп калганын байкаган.
Социалдык фонд билдиргендей, салык мыйзамдарына ылайык 2019-жылдан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу жана отчетторду кабыл алуу функциялары толугу менен Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлгөн.
Мекеменин маалыматына караганда, жарандардын жеке камсыздандыруу эсептериндеги маалыматтар бир нече этап менен түзүлөт.
Иш берүүчүлөр уюмдардын бухгалтериясы аркылуу киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду салык органдарына тапшырат. Андан кийин Мамлекеттик салык кызматы бул маалыматтарды Социалдык фондго өткөрүп берет. Андан соң алынган реестрлердин негизинде камсыздандырылган адамдардын жеке эсептерине суммалар автоматтык түрдө чегерилет.
Социалдык фонддун маалыматына ылайык, колдонуучу сумманын азайып кеткенин же туура эмес көрсөтүлгөнүн көргөн учурлар көбүнчө уюмдар тапшырган тактоочу отчетторго байланыштуу болот.
"Эгерде ишкананын бухгалтериясы башында отчетту бир сумма менен тапшырып, кийин эсептөөлөрдөгү каталарды оңдоо себептүү азыраак көрсөткүчтөр менен тактоочу отчет берсе, система Мамлекеттик салык кызматы берген акыркы расмий документке ылайык жеке эсептеги маалыматтарды автоматтык түрдө жаңыртат", — деп түшүндүрүштү мекемеден.