ЖОЖдор үчүн 200 миң долларлык конкурс жарыяланды
Кыргызстанда жогорку окуу жайлар үчүн изилдөөлөр боюнча гранттык конкурс башталат, анда университеттер 200 миң долларга чейин грант утуп ала алышат. Бул тууралуу бүгүн жогорку билим жана илим министринин орун басары Дурус Козуев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Кыргызстанда "Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновация" (ЖББСИ) долбоорунун алкагында Академиялык инновациялык фондунун (АИФ) экинчи айлампасы боюнча гранттык конкурс башталат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйын учурунда Дурус Козуев — илим, жогорку билим жана инновациялар министринин орун басары билдирди.
Анын айтымында, долбоордун негизги максаты — илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу жана жогорку билим программаларын эмгек рыногунун талабына ылайык келтирүү. Долбоор төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:
- Билим берүү жана изилдөө программаларынын сапатын жана актуалдуулугун жогорулатуу
- Университеттик инфраструктураны модернизациялоо
- Жогорку окуу жайларда изилдөөлөрдү жана инновациялык долбоорлорду колдоо
Катышуучулар катары мамлекеттик жана жеке жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана изилдөөчүлөрү чакырылат. Айрыкча аялдар жетектеген долбоорлор, студент кыздарды жана социалдык жактан алсыз топторду камтыган долбоорлор артыкчылыкка ээ.
Гранттын шарттары:
- Максималдуу сумма: 200 000 доллар
- Максималдуу мөөнөт: 36 ай
- Чектелген чыгымдар: курулуш, айлык, стипендия, транспорт сатып алуу
Маанилүү даталар:
- Кыска арыздарды тапшыруунун мөөнөтү (этап 1): 8-апрель 2026, түн ортосуна чейин
- Толук арыздарды тапшыруунун мөөнөтү (этап 2): 30-июль 2026, түн ортосуна чейин
Долбоордун кошумча максаттары:
- Беш атайын статустагы университеттерде инновация жана изилдөө борборлорун түзүү
- Академиялык инновациялык фонд аркылуу университеттер аралык илимий ишмердүүлүктү колдоо
- Жогорку окуу жайлардын сапатты камсыздоо жана аккредитация системаларын жакшыртуу
Баса белгиленгендей, биринчи айлампа 2025-жылы өткөн. Ага 38 жеке жана мамлекеттик университеттен 196 долбоор сунушталып, учурда алардын 59% деталдаштырылып каралууда. Соңунда 8ге чейин долбоорду колдоо пландалууда, анткени талаптар өтө жогорку деңгээлде.