Гидрометеокызматынын кызматкерлерине ай сайын 20 миң сом үстөк акы кошулат
Садыр Жапаров Министрлер кабинетине 2026-жылдын 1-январынан тартып Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын мамлекеттик кызматкер категориясына кирбеген кызматкерлерине айлык маянасына ай сайын 20 миң сом өлчөмүндө кошумча үстөк акы белгилөөнү тапшырды.
Бул тууралуу президенттин №37 тескемесинде айтылат.
Чечим Гидрометеорология кызматында иштеген, мамлекеттик кызматкер болуп эсептелбеген кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган.
Тескемеде бул чечим КР президентинин "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын штаттык санын жана эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салуу ну(мораторий) киргизүү жөнүндө" жарлыгына ылайык кабыл алынганы белгиленет. Бул жарлык 2024-жылдын 3-сентябрында кабыл алынган.