Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүү долбоорлору 12 млн 700 миң долларга каржыланат

Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүү долбоорлору 12 млн 700 миң долларга каржыланат

Президент Садыр Жапаровдун Италияга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу багытында туруктуу иштер жүрүп жатканын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Инвестициялык кызматташтыкты укуктук жактан бекемдөөнүн маанилүү кадамы катары Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы инвестицияларды илгерилетүү жана өз ара коргоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо процесси Жогорку Кеңеште аяктоо алдында турат. Бул документ инвесторлор үчүн пайдалуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле эки өлкө ортосундагы инвестициялык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.

Кыргызстанга келген италиялык "TRITOR" компаниясынын делегациясы менен Улуттук агенттикте Токмок, Каракол, Ош, Кара-Балта жана Бишкек шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышкан жолугушуулар өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар заманбап италиялык технологияларды колдонуу менен катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү ишкана куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча Түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

Сапардын алкагында италиялык тарапка долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү катары Токмок жана Кара-Балта шаарларындагы катуу тиричилик калдыктарынын полигондору көрсөтүлдү. Долбоордун алдын ала инвестициялык көлөмү 10–12 млн евро деп бааланууда. Италиялык тарап жер тилкесин 30 жылга чейин узак мөөнөттүү ижарага алууга кызыкдар экендигин билдирди.

Мындан тышкары, Чүй облусунун медициналык мекемелеринин бирине медициналык калдыктарды кайра иштетүүчү жабдууларды жеткирүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Жабдуулардын болжолдуу баасы 700 миң долларды түзөт. Учурда тараптар инвестициялык макулдашууну даярдоо боюнча консультацияларды улантышууда.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 4 муниципалдык ишкана күрөөгө коюлган

Ошто 4 муниципалдык ишкана күрөөгө коюлган

Ош шаарындагы төрт муниципалдык ишкана Финансы министрлигине күрөөгө коюлганын түштүк борбордун мэриясынын басма сөз катчысы Жылдызбек Болотбеков билдирди. Анын айтымында, күрөөгө коюлган мүлктөрдүн тизмесине төмөнкү ишканалар кирген: * шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинаты; * Ош муниципалдык автотранспорт ишканасы; * Ош шаардык суу канал муниципалдык ишканасы; * Ош автовокзалы муниципалдык ишканасы. "Өткөн жылы  Финансы

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамын 20-март, жума күнүнө дал келе тургандыгын маалымдады. Бул чечим Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңешмесинде кабыл алынган. Мындан сырткары, 2026-жылдагы Кадыр түн 16-марттан 17-мартка караган түнү белгилене тургандыгын Муфтияттан кабарлашты. Орозо айттын урматына карата кийинки жумада кыргызстандыктар 3 күн дем

Кайсыл өлкөлөрдүн финик, инжир, ананас, авокадо, гуава жана манголорун жеп жатабыз?

Кайсыл өлкөлөрдүн финик, инжир, ананас, авокадо, гуава жана манголорун жеп жатабыз?

2025-жылы Кыргызстанга 19 004,4 тонна жаңы жана кургатылган финик, инжир, ананас, авокадо, гуава жана манго импорттолгонун (ТН ВЭД коду 0804) Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөн. Импорттун жалпы суммасы 11,7 млн долларды түзгөн. Жеткирүүлөрдүн көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу 3,8%га көбөйгөн. Эң көп продукция төмөнкү өлкөлөрдөн алып

Өкмөттө айыл чарбасын каттоого даярдык талкууланды

Өкмөттө айыл чарбасын каттоого даярдык талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында өлкөнүн айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме өттү. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери катышты. Ал эми Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын башчылары