Мамлекетке салык төлөбөй турак жайын ижарага берип жүргөндөргө карата чара көрүлөт
Мамлекетке салык төлөбөй, турак жайын, батирлерди ижарага берип, киреше таап жүргөндөргө карата атайын чара көрүлөт. Салык кызматынын дарегине батирин ижарага бергендерге карата нааразылыктарын билдирген кошуналар көп кайрылышат, бирок аларга чара колдонуу азырынча көйгөй жаратууда. Мындай билдирүүнү Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Адистин айтымында батирлерди ижарага берүү боюнча чоң көйгөйлөр бар.
“Ачык айтсам бул аябай кыйын. Биз жарандардын кайрылуусуна жараша, дарегине барабыз. Мисалы биздин инспектор келет, батирдегилер эшигин ачпай коет. Инспектор эч нерсе кыла албайт, же аймактык милиция менен барышы керек болот. Барганда деле, бирөө эшикти ачкан убакта деле, “мен тууганымын, жөн эле жашап жатамын” - деп коет” -дейт Салык кызматынын төрагасынын орун басары.
Ушундан улам азыркы тапта, салык кызматындагылар ижарага турак жайын бергендердин мамлекет алдында салык төлөшүн жөнгө салуунун ыкмасын ойлонуштуруп жатканы ачыкталды. Исабековдун айтымында, Ла-ла-фо, Хаус.кг ж.б жарнама берген аянтчаларды колдонуп атайын ыкма киргизүү планы бар.
“Эгерде интернетте бир эмес бир нече жолу жарнама берип жатса, демек ошол ишмердүүлүк кылган платформаларды салык агенти кылышыбыз мүмкүн. Мисалы азыр такси айдоочулардын компанияларын такси агенти кылып койбодукпу. Мурда такси айдоочулар патент алып-албай, кыйналып жүрүшчү, рейд кылып бир-бирибиз менен эле чуркап жүрчүк. Азыр компаниянын өзүн салык агенти кылып койдук. Ар бир заказдан 1% киреше салыгы 1 % камсыздандыруу төгүмү төлөнөт. Эч ким кыйналбайт. Салыктар аябай көбөйдү. Ушундай эле ыкманы эми квартираларга да киргизели деп жатабыз”-деди Салык кызматынын өкүлү.
Мындан сырткара, Салык кызматынын төрагасынын орун басары ТСЖлар (туракжай ээлеринин шериктиги) эгерде кайсыл бир батир ижарага берилип жатса, маалыматты салык кызматына берип турушу милдеттендириле тургандыгын билдирди. Айтымында, кожоюнга 1-2 ирет эскертүү бергенден кийин, өзү эле патент алайын, салык төлөйүн деп аракет кыла баштайт.