Бишкек мэри шаардык кеңеш депутаттарынын мүлктөрү тууралуу комментарий берди

Бишкек мэри шаардык кеңеш депутаттарынын мүлктөрү тууралуу комментарий берди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Азаттыкка" курган маегинде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиевдин шаарда 100дөн ашык мүлкү бар экени тууралуу маалыматка комментарий берди.

Жунушалиев 2025-жылдын 30-январында шаардык кеңештеги «Жаңы Күч» фракциясынын депутаттары менен кайым айтышууда айтылган мүлк тууралуу маалыматтарды эске салды. Андагы депутаттарга тиешелүү ижарага алынган тогуз жер тууралуу фактылар реалдуу жагдайдын 10-15% эле экенин, алар укук коргоо органдарына берилгенин белгиледи.

"Мен расмий жарыя кылгандан кийин, ал маалымат укук коргоо органдарына да берилет, алар текшерүү жүргүзүшү керек... Мүлктөр мэриянын менчигине кайтарылып берилиши керек. Себеби, биз салыктык эмес кирешелерди да көбөйтүшүбүз керек. Ижараны эле көтөрбөстөн, базаны дагы кеңейтиш керек деген максатта биз ошондой талап койгонбуз. Бүгүн ушундай видеолор чыгып же кандайдыр бир иш-аракеттер көрүлүп аткан болсо, анда ошол иштердин уландысыбы же системдүү жүрүп аткан иштин алкагында болуп жатабы деген ой. Бизде башка маалымат жок. Биз өзүбүздүн мыйзам алкагында болгон укугубузду колдонуп, маалыматтарды бергенбиз. Ошону менен кетип атат",-деди ал.

Буга чейин фракциянын жыйынында депутат Максат Токтогулов муниципалдык жерди шаар бийлигинен айына 66 миң сомдон ижарага алып, кайра 9 миң долларга субижарага берип иштеткени тууралуу маалымат айтылган болчу. Ал кезде фракция лидери болуп турган Куванычбек Конгантиев мыйзамсыз иштер болсо укук коргоо органдарына кайрылууну сунуш кылган.
Конгантиевге таандык делген мүлктөр тууралуу видеодо ал Бишкек шаардык кеңешинде депутат жана жер комиссиясынын жетекчиси болуп турганда борбордогу бир катар жерлерди арзан баада ижарага алып, кийин менчикке чыгарып, көп кабаттуу үйлөрдү, ар кандай коммерциялык имараттарды салганы айтылат. Аларды апасына жана жакындарына каттатып койгону тууралуу сөз болот.

Мындан тышкары окуңуз

Тигүү тармагындагы салыктык төлөмдөр төмөндөтүлдү

Тигүү тармагындагы салыктык төлөмдөр төмөндөтүлдү

Кыргызстанда тигүү тармагы үчүн кызматкерлердин милдеттүү төлөмдөрү төмөндөтүлгөнүн Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков "Биринчи радионун" эфиринде билдирди. Анын айтымында, 2022-жылы эле бул тармак үчүн бирдиктүү салыктын 0,25% өлчөмүндөгү ставкасы киргизилгенин белгиледи. Бул өндүрүш тармагы үчүн эң төмөнкү ставка болуп эсептелет. "0,25 пайыз

Кыргызстанда ижарага батир бергендерге көзөмөл күчөтүлөт

Кыргызстанда ижарага батир бергендерге көзөмөл күчөтүлөт

Кыргызстанда ижарага берилген батирлер боюнча салыктык көзөмөлдү күчөтүү механизмдери иштелип жатканын 10-мартта  Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков радио эфиринде билдирди. Анын айтымында, батирди ижарага берүү салык салынуучу ишмердүүлүк болуп эсептелет. Бирок практикада мындай учурларды аныктоо кыйын. Салык кызматында бул рынок сегментин администрациялоо боюнча жаңы ыкмалар да каралып

Такси кызматында айрым компаниялар ар бир буйрутмадан 2% кармайт

Такси кызматында айрым компаниялар ар бир буйрутмадан 2% кармайт

Такси тармагында айрым компаниялар салык агенти катары иштерин 10-мартта Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков радио эфиринде билдирди. Анын айтымында, мындай чечим айдоочулар патент алуу маселесинде кыйынчылыкка туш болбошу үчүн, ошондой эле рейддерди жана ашыкча бюрократияны болтурбоо максатында кабыл алынган. Анын сөзүнө караганда, эми ар бир буйрутмадан  2%

Кыргызстанда күйүүчү май 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн – Канат Эшатов

Кыргызстанда күйүүчү май 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн – Канат Эшатов

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов "Кабар" агенттигине билдирди. Анын айтымында, Россияда күйүүчү майдын дүң баасында өзгөрүүлөр болду. Анда заводдордо баалар 19%га чейин кымбаттады. Эми компаниялар ошол баа менен майды ташып келип сатса, литри 2,5-3 сомго