Кыргызстанда күйүүчү май 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн – Канат Эшатов
Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Россияда күйүүчү майдын дүң баасында өзгөрүүлөр болду. Анда заводдордо баалар 19%га чейин кымбаттады. Эми компаниялар ошол баа менен майды ташып келип сатса, литри 2,5-3 сомго чейин жогорулашы ыктымал.
“Күйүүчү майдын баасы бир күндө эле өзгөрбөйт. Компаниялар майдын көлөмүн бир күндө ташып келе албайт да. Ар бир компаниянын өзүнүн кору бар. Мисалы, бир айлык же эки айлык. Белгилүү бир көлөмдү алып келгенде, компания бул жактагы кору менен орточо бааны чыгарат. Ошондо бир жумада 30 тыйын, кийинки жумада 40 тыйынга кымбаттап отуруп, мындай абал үзгүлтүксүз кете берсе, кайсы бир убакыттын ичинде, баа 2,5-3 сомго чейин кымбаттайт”, - деди ал.