Такси кызматында айрым компаниялар ар бир буйрутмадан 2% кармайт
Такси тармагында айрым компаниялар салык агенти катары иштерин 10-мартта Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков радио эфиринде билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим айдоочулар патент алуу маселесинде кыйынчылыкка туш болбошу үчүн, ошондой эле рейддерди жана ашыкча бюрократияны болтурбоо максатында кабыл алынган.
Анын сөзүнө караганда, эми ар бир буйрутмадан 2% кармалат: анын 1%ы — киреше салыгы, дагы 1%ы — камсыздандыруу төгүмү.
"Баары ушундай. Эч ким кыйынчылыкка туш болбойт", — деп жыйынтыктады ал.