Трамптын администрациясы TikTok боюнча келишимден 10 миллиард доллар алат
АКШ президентинин администрациясы Дональд Трамп TikTok тиркемесинин америкалык бөлүмүн инвесторлор тобуна өткөрүп берүү боюнча келишимде ортомчулук кылганы үчүн 10 млрд долларга чейин сый акы алышы мүмкүн экенин The Wall Street Journal басылмасы жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, TikTokтун америкалык бизнесине инвестиция салган тараптар популярдуу тиркеме АКШ рыногунда ишин улантышы үчүн АКШ өкмөтүнө бир нече ири миллиарддаган төлөмдөрдү төлөөгө макул болушкан.
Инвесторлордун катарына төмөнкү компаниялар кирген:
- Oracle — булут технологиялары боюнча адистешкен компания;
- Silver Lake — жеке инвестициялык компания;
- MGX — Абу-Дабиден чыккан инвестор.
Билдирилгендей, мындай келишим кабыл алынгандан кийин АКШнын Каржы министрлиги эсебине 2,5 млрд долларга жакын каражат которулган. Кийинчерээк дагы бир нече төлөм жүргүзүлүп, жалпы сумма 10 млрд долларга жетиши күтүлүүдө.
Буга чейин TikTok боюнча алкактуу келишим жарыяланганда Дональд Трамп: "АКШ бул келишимди түзгөнү үчүн эле ири сумма жана кошумча комиссия алат", — деп билдирген.
Аналитиктердин айтымында, мындай көлөмдөгү төлөмдү түздөн-түз АКШ өкмөтүнө төлөө — дээрлик болуп көрбөгөн көрүнүш болушу мүмкүн.