Кыргызстанда өндүрүлгөн мунайзат 5 жыл бою көмүскө схема менен сатылып келгендиги ачыкталды

Кыргызстанда өндүрүлгөн мунайзат 5 жыл бою көмүскө схема менен сатылып келгендиги ачыкталды

Мамлекеттик салык кызматына караштуу “Салык сервис” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү - “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик компаниясы аркылуу акыркы 5 жыл ичинде мунайзат жең ичинен өндүрүлүп, мамлекеттик казынадан сырткары көмүскө жол менен сатылып келгендигин ачыктады.  

Билдирүүгө караганда, Кыргызстанда жыл сайын 180 миң мунай зат өндүрүлөт жана анын өндүрүшү менен “Кыргызнефтегаз” ААК алектенет.  2021-2025-жылга чейин 262 миң тонна же 7 млрд 615млн сомго барабар чийки мунай зат мамлекеттик эмес, жеке ортомчу фирмалар аркылуу сатылып келген. Анын натыйжасында, чийки затты шектүү эсептен чыгаруу аракеттеринин айынан “Кыргызнефтегаз” 4 млрд сомдон ашык зыян тарткан.

Маалыматка ылайык, “2021–2025-жылдар аралыгындагы эсеп-фактураларды жана компаниянын маалыматтарын изилдеп, талдоонун жыйынтыгында мамлекеттик мунайдан түшкөн киреше жеке адамдардын колуна өтүп кеткен бир нече негизги схема аныкталды.  

Салык кызматынын адистеринин видеоиликтөөсү “Айсалык” ютуб каналында кеңири чагылдырылган.

Мындан тышкары окуңуз

Айдоочу "Нурайымы" үчүн 55 миң сом айып пул төлөмөй болду

Айдоочу "Нурайымы" үчүн 55 миң сом айып пул төлөмөй болду

Бишкек шаарында Lexus GX470 үлгүсүндөгү жолтандабас унаанын айдоочусу жасалма мамлекеттик номер колдонгону үчүн жоопкерчиликке тартылганын Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын(ЖКККБ) басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 16-март күнү саат 14:00 чамасында унаа патрулдук кызматкерлер тарабынан токтотулган. Унаага орнотулган номердин ордуна "Нурайым" деген жазуусу бар

Кыргызстанда BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү маселеси талкууланды

Кыргызстанда BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү маселеси талкууланды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте BRICS Pay эл аралык долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушканын агенттиктен билдиришти. Анда Кыргызстандын аймагында чек ара аралык чекене (C2B) жана корпоративдик (B2B) эсептешүүлөр үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. BRICS Pay долбоору БРИКС+ форматындагы өлкөлөрдүн ортосундагы эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүүгө багытталган борборлоштурулбаган санариптик

Салык кызматынын төрагасы Баткенде ишкерлердин көйгөйлөрүн укту

Салык кызматынын төрагасы Баткенде ишкерлердин көйгөйлөрүн укту

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов 16-мартта жумушчу сапары менен Баткен облусуна барды. Бул тууралуу салык кызматынан билдиришти. Сапардын алкагында ал аймактык салык органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышып, кызматкерлердин иштөө шарттарын көрүп чыкты. Ошондой эле салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Иш сапарынын жүрүшүндө

Кытайдын Чэнду шаарында Кыргызстандын Соода үйү ачылат

Кытайдын Чэнду шаарында Кыргызстандын Соода үйү ачылат

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кытайдагы соода өкүлү Жусубали Төрөмаматов Чэнду шаарынын Коммерция бюросунун директорунун орун басары Ли Юйпин менен жолугушту. Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашканын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыгы катары Чэнду шаарында "Кыргыз Республикасынын Соода үйүн" жана "Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык