Салык кызматынын төрагасы Баткенде ишкерлердин көйгөйлөрүн укту

Салык кызматынын төрагасы Баткенде ишкерлердин көйгөйлөрүн укту

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов 16-мартта жумушчу сапары менен Баткен облусуна барды. Бул тууралуу салык кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында ал аймактык салык органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышып, кызматкерлердин иштөө шарттарын көрүп чыкты. Ошондой эле салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды.

Иш сапарынын жүрүшүндө Шыкмаматов аймактагы салык төлөөчүлөр менен жолугушуп, ишкерлерге "Салык күзөт" автоматташтырылган аналитикалык системасы тууралуу маалымат берди. Бул система салыктык башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган. Ошондой эле жолугушууда салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөр тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.

Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, ишкерлер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, көйгөйлөрүн көтөрүштү. Салык кызматынын төрагасы кайрылууларды угуп, зарыл түшүндүрмөлөрдү берип, айрым маселелерди чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун сунуштады.

Алмамбет Шыкмаматов Баткен облусунда ишкердикти колдоого жана аймакка инвестиция тартууга багытталган бир катар салыктык жеңилдиктер жана преференциялар каралганын белгиледи.

Мындан тышкары, сапардын алкагында көмүр өнөр жайынын өкүлдөрү менен өзүнчө кеңешме өткөрүлүп, тармактын учурдагы абалы жана салыктык башкарууга байланышкан маселелер талкууланды. Төрага сунуштарды угуп, көйгөйлөрдү биргеликте чечүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52