Кытайдын Чэнду шаарында Кыргызстандын Соода үйү ачылат
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кытайдагы соода өкүлү Жусубали Төрөмаматов Чэнду шаарынын Коммерция бюросунун директорунун орун басары Ли Юйпин менен жолугушту. Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашканын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыгы катары Чэнду шаарында "Кыргыз Республикасынын Соода үйүн" жана "Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык борборун" түзүү боюнча макулдашуу жетишилди. Бул борборлор Кыргызстанда өндүрүлгөн экологиялык таза продукцияны жыл бою таанытуу жана сатуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. Ошондой эле алар эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланышты чыңдоочу аянтча болуп кызмат кылат.
Жолугушуунун алкагында Жусубали Төрөмаматов Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн да тааныштырды. Ал Чэнду — Бишкек — Чэнду багыты боюнча түз аба каттамы ачылып, туризмди өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болуп жатканын белгиледи.
Кытай Кыргызстан үчүн негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. 2025-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү олуттуу өсүштү көрсөттү. Ошондой эле Сычуань провинциясында логистикалык борборлорду ачуу ата мекендик экспортту өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет.