Бизнес эми электр тармактарына тез жана жеңил кошула алат

Бизнес эми электр тармактарына тез жана жеңил кошула алат

Министрлер кабинети 2012-жылдан бери колдонулуп келе жаткан электр энергиясын пайдалануу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул өзгөртүүлөр чакан жана орто бизнести колдоого, ошондой эле электр тармактарына кошулуудагы бюрократиялык жол-жоболорду кыскартууга багытталган.

Жаңы нормаларга ылайык, электр орнотмолорун эксплуатацияга берүү эми чыңалуу деңгээлине жараша бөлүнөт.

Чыңалуусу 1000 ватт жана андан жогору болгон объекттерди мурдагыдай эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар кабыл алат. Ал эми 1000 ваттка чейин болгон орнотмолорду лицензиясы бар субъекттер — энергия менен камсыздоочу уюмдар өздөрү эксплуатацияга киргизе алышат.

Тиешелүү өзгөртүүлөр эрежелердин бир катар пункттарына киргизилди, анын ичинде:

  • уруксаттарды алуу тартиби,
  • текшерүүлөрдү жүргүзүү,
  • документтерди тариздөө.
Айрыкча, кабелдик линияларды курууда жана убактылуу объекттерди электр тармагына кошууда арыз берүүчүлөр мамлекеттик органдар менен гана эмес, лицензияланган операторлор менен да иш алып бара алышат. Бул процесстерди тездетет деп күтүлүүдө.

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, жаңылануулар жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө, административдик жүктү азайтууга жана ишкерлер үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media