Экономика министрлиги 2027-жылга чейин бизнести текшерүү мораторийин бекитүүнү сунуштады
Экономика жана коммерция министрлиги 2026-жылдын 31-декабрына чейин текшерүүлөрдүн көпчүлүгүнө тыюу салууну нормативдик документ менен бекитүүнү сунуштады. Документтин максаты ыйгарым укуктуу органдардын бизнес түзүмдөрдүн ишине негизсиз кийлигишүүсүн болтурбоо.
Ведомство бул демилгени Садыр Жапаровдун жарлыгын ишке ашыруу алкагында Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору катары сунуштады. Мындай чаранын зарылдыгы ишкерлерден түшкөн кайрылуулардын көбөйүшү менен түшүндүрүлөт, анда алар текшерүүчү органдардын ашыкча басымы тууралуу билдиришкен.
Мораторий киргизүү төмөнкү максаттарды көздөйт:
- кыянаттык менен пайдалануу коркунучтарын азайтуу,
- коррупциялык механизмдерди ооздуктоо,
- административдик жүктү жеңилдетүү,
- экономиканын туруктуу өсүшүн стимулдаштыруу жана жагымдуу инвестициялык климат түзүү.
Убактылуу тыюу тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болгон органдардын текшерүүлөрүнө жайылтылат. Ошол эле учурда документте текшерүүлөргө уруксат берилген тогуз өзгөчө учур каралган.
Аларга төмөнкүлөр кирет:
- кылмыш жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагындагы текшерүүлөр;
- ишкердик субъекттеринин өздөрүнүн арыздары боюнча текшерүүлөр;
- чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын сурамдары;
- жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча текшерүүлөр.
Ошондой эле, мыйзам бузуулар боюнча так фактылар болуп, алар документтер же жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялар менен тастыкталса, көзөмөлдөөчү органдар текшерүү жүргүзө алышат. Мындан тышкары, төмөнкүлөр мораторийге кирбейт:
- бажы көзөмөлү;
- Улуттук банк ишмердүүлүгү;
- жарандык авиация тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын текшерүүлөрү.
Салык органдары болсо Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 28-январындагы №18 жарлыгы менен белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен ишин улантат.
Тыюуну аткаруу жоопкерчилиги укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдардын жетекчилерине жекече жүктөлөт. Ошол эле учурда аларга мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн туруктуу негизде профилактикалык иштерди жүргүзүү жана бизнеске консультация берүү тапшырылды.
Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга koomtalkuu.gov.kg порталына чыгарылды жана аны ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.