Кыргызстанда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай көргөзмөсү өтөт

Кыргызстанда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай көргөзмөсү өтөт

Экономика жана коммерция министрлиги менен BiExpo көргөзмө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту. Ведомстводон билдиришкендей, документке министр Бакыт Сыдыков жана компаниянын директору Виктор Линовицкий кол койду.

Келишимдин алкагында 4–6-июнда Бишкек шаарында эл аралык көп тармактуу өнөр жай көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда. Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин кеңешмеси менен удаа өтөт.

Көргөзмөгө Россия, Беларусь, Өзбекстан, Кытай, Тажикстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн ири компанияларынын катышуусу күтүлүүдө.

Министрликтин маалыматына караганда, демилге кыргыз продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана чет элдик инвесторлорду тартууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы арзандап, унциясы 5000 доллардан төмөн сатылып жатканын Интерфакс кабарлады. Маалыматка ылайык, алтындын баасы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам дүйнөдөгү инфляциянын тездешинен төмөндөп жатат.  Comex биржасында алтын болжол менен 1,3%га төмөндөп, унциясы 4995 долларды түздү. Ошол эле маалда күмүштүн да баасы арзандап жатат. Ал 4,4%

Өзбекстандан келген маркировкасы жок 82 830 көчөт артка кайтарылды

Өзбекстандан келген маркировкасы жок 82 830 көчөт артка кайтарылды

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине караштуу Баткен башкармалыгынын “Кызыл-Кыя автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда Өзбекстандан импорттолуп кирген 82830 даана көчөттөрдүн таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 Чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу өлкө жана (же) реэкспортер өлкө

Кыргызстан менен GIZ "жашыл экономика" боюнча кызматташат

Кыргызстан менен GIZ "жашыл экономика" боюнча кызматташат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) ортосунда "Борбор Азиядагы "жашыл" экономика үчүн "жашыл көндүмдөр" аттуу аймактык долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Ведомстводон маалымдашкандай, макулдашууга эмгек министри Канат Сагынбаев жана GIZ уюмунун аймактык долбоорунун жетекчиси Удо Фолькерс

Кыргызстанда “Ala-Too Trade & Industry Expo 2026” көргөзмөсү өтөт

Кыргызстанда “Ala-Too Trade & Industry Expo 2026” көргөзмөсү өтөт

Экономика жана коммерция министрлиги жана көргөзмө уюштуруучу BiExpo компаниясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Ведомствонун маалыматына ылайык, документ көргөзмө-жарманке ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, ата мекендик бизнести колдоого жана Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны эл аралык рынокторго чыгарууга багытталган. Меморандумга экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана BiExpo компаниясынын директору Виктор Линовицкий кол коюшту. Документ