Жыл башынан бери өнөр жай тармагы 15%дан ашык өстү
2026-жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталууда. Айрыкча өнөр жай тармагында жогорку көрсөткүчтөр катталды.
Улуттук статистиканын маалыматына ылайык, эки ай ичинде өнөр жай ишканалары 147,8 млрд сомдук продукция өндүрүп, өсүү темпи 15,5%ды түздү. Ал эми "Кумтөр" кенин эсепке албаганда, өсүш 29%га жеткен.
Өсүш негизинен төмөнкү тармактардын эсебинен камсыздалды:
- транспорт каражаттарын өндүрүү — 42,4%;
- тамак-аш жана суусундуктар — 16,8%;
- мунайзаттарды кайра иштетүү — 18,2%;
- негизги металлдар — 11,1%;
- химиялык продукция — 3,1 эсеге;
- фармацевтика — 1,7 эсеге;
- пайдалуу кендерди казып алуу — 47,2% өстү.
Ошол эле учурда электр энергиясы, газ жана буу менен камсыздоо көлөмү 7,8%га төмөндөп, бул электр энергиясын өндүрүүнүн 14,1% азайышы менен байланыштуу болду.
Суу менен камсыз кылуу жана калдыктарды иштетүү тармагында тескерисинче өсүш болуп, көлөм 14,7%га көбөйдү.
Жыйынтыгында өнөр жай тармагы ИДПнын түзүмүндө 24,6% үлүштү түзүп, экономиканын өсүшүнө 3,21 пайыздык пункт салым кошту.