Англия банкы кзыматкерлерди кыскартып, жылыга 35 млн фунт үнөмдөөнү көздөп жатат

Англия банкы кзыматкерлерди кыскартып, жылыга 35 млн фунт үнөмдөөнү көздөп жатат

Англия банкы жакынкы айларда 446 кызматкерин кыскартууну пландап жатканын жана бул жалпы штаттын болжол менен 8%ын түзөрүн тууралуу Известия кабарлады.

Бул чечим чыгымдарды азайтуу жана түзүмдү оптималдаштыруу максатында кабыл алынганы айтылат. Кыскартуулар негизинен ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Анын алкагында жогорку кызматтагы жетекчилер, бөлүм башчылар жана директорлор да иштен кетиши мүмкүн.

Кызматтан өз ыктыяры менен кеткендердин ичинен 75 адамга 150 миң фунт стерлингден турган (200 миң доллар) эң жогорку компенсация төлөнүп берилет. Орточо төлөм 81 миң фунтту түзөт, ал эми жалпы компенсациянын суммасы болжол менен 36 млн фунтка жетет.
Банк бир жолку чыгымдарга карабастан, бул чаралар кийинки каржы жылында 35 млн фунт үнөмдөөгө мүмкүндүк берет деп күтүүдө.

Бул өзгөрүүлөр текшерүүдөн кийин башталган ири модернизациянын бир бөлүгү болуп саналат. Аудит учурунда банктын эскирген технологияларын жана экономикалык моделдерин жаңыртуу зарылдыгы аныкталган.

Бул реформалар узак мөөнөттүү трансформация программасынын алкагында жүргүзүлүп, мекеменин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте заманбап, ири турак жай кварталынын пайдубалы түптөлдү

Бишкекте заманбап, ири турак жай кварталынын пайдубалы түптөлдү

Бишкекте ири турак жай долбоорунун алгачкы этабы болгон THE ESSENCE кварталынын пайдубалын түптөө аземи болуп өттү. Бул аземге шаар тургундары, инвесторлор жана коноктор катышып, аларга долбоордун концепциясы тааныштырылды. Билдирүүгө караганда, долбоорду девелопер компания RCA Living ишке ашырууда жана ал Royal Central Park аттуу масштабдуу шаардык комплекстин бир бөлүгү болуп саналат.

Айгүл Рыскулова ЕЭКтин миграция департаментине директору болду

Айгүл Рыскулова ЕЭКтин миграция департаментине директору болду

Айгүл Рыскулова Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалганы аталган комиссиянын расмий сайтында кабарланды. 61 жаштагы Айгүл Рыскулова буга чейин Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешиндеги Кыргызстандын өкүлү болуп 2020-жылдан 2024-жылга чейин иштеген.  2006-2007-жылдары Кыргызстандын Миграция жана жумуш менен камсыздоо мамлекеттик комитетин жетектеген,

Эки айда Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 1,27 млрд долларды түздү

Эки айда Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 1,27 млрд долларды түздү

2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр (ЕАЭБден тышкаркы мамлекеттер) менен тышкы соода жүгүртүүсү 1,27 млрд долларды түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 5,8%га азайганын Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы күбөлөндүрөт. Төмөндөө 78,55 млн долларды түздү — өткөн жылы 1,35 млрд доллар болсо, быйыл 1,27 млрд

АКШда бензиндин орточо баасы акыркы 2,5 жылдагы эң жогорку максимумга жетти

АКШда бензиндин орточо баасы акыркы 2,5 жылдагы эң жогорку максимумга жетти

АКШда бензиндин орточо баасы акыркы 2,5 жылдагы эң жогорку деңгээлге жетип, бир галлон үчүн 3,8 $ чыкты. Бул тууралуу Америкалык автомобиль ассоциациясына шилтеме берип, РИА Новости билдирди. Energy Information Administration көз карандысыз уюмунун аналитиктеринин маалыматына ылайык, мындай деңгээл акыркы жолу 2023-жылдын октябрь айында катталып, бир галлон үчүн 4 $ чейин