Эки айда Кыргызстанга 17,9 млрд сом инвестиция тартылды
2026-жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,9 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,4%га көбөйдү. Өсүш негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшү менен камсыздалган. Ал эми тышкы каржылоо 26,3%га кыскарган.
Инвестициялардын негизги бөлүгү пайдалуу кендерди казып алуу, кайра иштетүү өндүрүштөрү, энергетика, билим берүү жана турак жай курулушуна багытталган.
Отчеттук мезгилде турак жай курулушунун көлөмү 8,2%га өстү. Ош облусунда беш энергетикалык объект ишке берилсе, Баткен облусунда "Суу-Башы" көмөкчү чордону пайдаланууга берилди. Бул объекттер аймактардын электр энергиясы менен камсыз болушун жакшыртат.
Мындан тышкары, курулуш тармагында да өсүш байкалып, анын жалпы көлөмү 18 млрд сомду түзүп, 23,2%га көбөйдү.