КРнын Улуттук банкынын төрагасы менен Финансы министри ээлеген кызмат ордуларын бошотушат

КРнын Улуттук банкынын төрагасы менен Финансы министри ээлеген кызмат ордуларын бошотушат

КРнын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев жана КРнын Финансы министри Алмаз Бакетаев ээлеген кызмат ордуларын бошотушат. Алдын ала маалымат боюнча Алмаз Бакетаев Улуттук банктын жаңы төрагасы болуп дайындалышы күтүлөт. Бул тууралуу ишенимдүү маалымат булактарынан кабарлашты.

“КРнын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамдын 61-беренесине ылайык, Улуттук банктын төрагасын Президенттин сунушу менен Жогорку Кеңеш дайындайт жана кызматтан бошото алат.

Эске салсак, Мелис Тургунбаев КРнын Улуттук банктынын төрагасы болуп 2024-жылдын июнь айынан бери иштеп келген. Ал эми Алмаз Бакетаев 2021-жылдын октябрь айынан тартып КРнын Финансы министрлигин башкарып жаткан.

Мындан тышкары окуңуз

Кубада электр энергиясын берүү калыбына келтирилди

Кубада электр энергиясын берүү калыбына келтирилди

Кубанын энергетиктери ири масштабдагы блэкауттан кийин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында электр энергиясын калыбына келтиришти. Жарык батыштагы Пинар-дель-Рио провинциясынан чыгыштагы Ольгин аймагына чейин берилди. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, күн ичинде жарыксыз калган жалгыз аймак — өлкөнүн экинчи ири шаары Сантьяго-де-Куба болгон. Кечкисин ал жерде да электр энергиясы кайра берилди. 16-мартта Кубада электр энергиясы

Кыргызстанда жасалма интеллект борборун курлат – А.Жамангулов.

Кыргызстанда жасалма интеллект борборун курлат – А.Жамангулов.

Кыргызстанда жасалма интеллект тармагында инфраструктуралык кластер түзүү маселеси каралып жатканын бүгүн радио эфиринде санариптик өнүгүү жана инновациялар министри Азамат Жамангулов билдирди. Анын айтымында, санариптештирүүнү өнүктүрүүнү имараттарды куруу же жабдууларды сатып алуу менен гана чектөөгө болбойт. "Жасалма интеллекттин улуттук борборун куруу — бул жөн гана имарат же “темир” эмес. Биринчи кезекте

Brent мунайынын барелли 103,17 долларга көтөрүлдү

Brent мунайынын барелли 103,17 долларга көтөрүлдү

Brent мунайынын баасы бир баррелине 103,17 долларга чейин көтөрүлгөнүн Интерфакс кабарлады.  Маалыматка караганда, Лондондун ICE Futures биржасында Brent 2,96 долларга (2,95%) жогорулап, бир баррелине 103,17 долларды түздү.  Ал эми NYMEX биржасында WTI маркасындагы мунай 2,97 долларга (3,18%) жогорулап, бир баррелине 96,47 доллар болду.

Ауэзов көчөсү иретке келтирилет: мэриянын жаңы планы кандай?

Ауэзов көчөсү иретке келтирилет: мэриянын жаңы планы кандай?

Бишкек шаарында Ауэзов көчөсүндө өткөн көчмө жыйында аймакты көрктөндүрүү жана тартипке келтирүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Борбор калаада мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин катышуусунда Анкара көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки Ауэзов көчөсүндө көчмө жыйын өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө аймактын санитардык абалы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү