Кыргызстан Кытайга экологиялык таза продукция экспорттоону көбөйтөт

Кыргызстан Кытайга экологиялык таза продукция экспорттоону көбөйтөт

Кыргызстандын соода өкүлү Кытайдын Чэнду шаарында экологиялык таза продукцияны экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Экономика жана коммерция министрлигинин Кытай Эл Республикасындагы соода өкүлү Жусубали Торомаматов Чэнду шаарында "Chengdu International Trade Group Co., Ltd." мамлекеттик соода корпорациясынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Кыргызстандан Чэнду рыногуна жогорку сапаттагы экологиялык таза продукцияны жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар логистикалык жана инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу аркылуу кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Кыргыз тарап Кытай рыногу үчүн келечектүү багыттарды сунуштап, Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөш катары кароого чакырды.

Өз кезегинде кытай тарап корпорациянын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын тааныштырды. Алардын ичинде өнөр жайды колдоо, керектөө рыногун өнүктүрүү жана санариптик сооданы кеңейтүү бар.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча консультацияларды улантууга макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Күн мурун Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Ага тармактагы ассоциациялар жана бир катар ири мунай компанияларынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жолугушууда калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыз кылуу жана бааларды көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Нефтетрейдерлердин маалыматына ылайык, учурда

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек шаарында үлүштүк курулуштун катышуучулары үчүн техпаспортторду тариздөө жана келишимдерди каттоо боюнча убактылуу эрежелер киргизилерин шаар мэриясы билдирди. 2026-жылдын 12-мартындагы тескеме муниципалдык жер тилкелеринде курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү үлүшчүлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Документ Кыргыз Республикасынын президентинин турак жайга болгон укуктарды каттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында кабыл алынган.

Binance Кыргызстанда криптовалюта менен төлөм жүргүзүүнү өнүктүрүү үчүн BAKAI экосистемасы менен өнөктөштүк түзгөнүн жарыялады

Binance Кыргызстанда криптовалюта менен төлөм жүргүзүүнү өнүктүрүү үчүн BAKAI экосистемасы менен өнөктөштүк түзгөнүн жарыялады

Binance — дүйнөдөгү алдыңкы глобалдык блокчейн экосистемаларынын бири жана соода көлөмү боюнча эң ири криптовалюта биржасы болуп саналат. BAKAI экосистемасы Binance Pay менен BAKAI’га негизделген жаңы чечимди ишке киргизгенин жарыялады. Бул чечим өлкөнүн каалаган жеринде криптовалюта аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаңы мүмкүнчүлүк Binance Pay инфраструктурасын

Э.Акунбеков: Эттин баасын турукташтыруу үчүн эт кластери түзүлөт

Э.Акунбеков: Эттин баасын турукташтыруу үчүн эт кластери түзүлөт

Кыргызстанда эт өндүрүшүн көбөйтүү жана бааны турукташтыруу максатында эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков өлкөдө азык-түлүк бааларын турукташтыруу, айрыкча эттин баасын жөнгө салуу боюнча