Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду
Күн мурун Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Ага тармактагы ассоциациялар жана бир катар ири мунай компанияларынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Жолугушууда калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыз кылуу жана бааларды көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Нефтетрейдерлердин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө мунай продуктыларынын запасы 1,5-2 айга жетет.
Белгиленгендей, 2026-жылдын март айынын башында күйүүчү майга болгон баалардын өсүшү байкалган. Бул Жакынкы Чыгыштагы геосаясий кырдаалга байланыштуу россиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдордогу дүң баалардын жогорулашы менен түшүндүрүлөт.
Монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын сактоо максатында нефтетрейдерлерге мыйзам бузууларга жол бербөө тууралуу эскертүүлөр берилди.
Жыйынтыгында нефтетрейдерлерге күйүүчү майдын баасынын кескин өсүшүнө жол бербөө жана ички рынокту жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу боюнча талаптар коюлду.