Ноокат районунда түз себүү технологиясы менен 113 гектар жерге сафлор эгилди
Ноокат районундагы “Кызыл Кашташ” кооперативи 113 гектар аянтка түз себүү технологиясы менен сафлор өстүрө баштаганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Аталган кооператив райондо биринчилерден болуп сафлор өстүрүүгө киришти. Жаңы ыкма — жерди айдабай туруп түз себүү — өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга, кыртыштын нымдуулугун сактоого жана талаа жумуштарын ыкчам бүтүрүүгө мүмкүндүк берет.
Бул демилге Ноокат районунда айыл чарбасын модернизациялоо жана заманбап агротехнологияларды жайылтуу багытындагы алгылыктуу иштердин бири болуп саналат.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы район боюнча жалпы 700 гектар жерге сафлор эгүү пландаштырылган.