Перс булуңундагы өлкөлөрдө мунай өндүрүү 60%га кыскарды

Перс булуңундагы өлкөлөрдө мунай өндүрүү 60%га кыскарды

АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу жана Ормуз кысыгынын жабылып калганына байланыштуу Перс булуңундагы өлкөлөрдө мунай өндүрүү кескин азайганын "Казинформ" билдирет.

Акыркы маалыматтарга ылайык, бир жума ичинде бул аймактан мунай экспорттоо февраль айына салыштырмалуу кеминде 60% га кыскарган. Мунун негизги себептери - жеткирүүдөгү үзгүлтүктөр жана мунай өндүрүүнүн азайышы.

Ормуз кысыгы дүйнөлүк мунай жеткирүүнүн болжол менен 20% өтүүчү маанилүү жол болуп эсептелинет. Анын жабылышы экспорттоочулардын жүктөрүн жана айрым кендерде өндүрүштү убактылуу токтотууга мажбур кылды. Бул дүйнөлүк рынокто ири каатчылыкты жаратты.

Бириккен Араб Эмираттары - мунай өндүрүүнү эки эседен көп, Сауд Аравиясы - 20%га жана Ирак - болжол менен 70%га азайткан.
Аналитиктердин айтымында, сегиз өлкө (Сауд Аравиясы, Кувейт, Иран, Ирак, Оман, Катар, Бахрейн жана БАЭ) боюнча мунай экспорту мурдагы 25 млн баррелден суткасына орто эсеп менен 9,7 млн баррелге чейин түшкөн. Айрым талдоолордо бул көрсөткүч 7,5 млн баррелге чейин жетип, 71% га төмөндөгөнү айтылууда.

Атап айтканда, Жакынкы Чыгышта мунай өндүрүү күнүнө 7- 10 млн баррелге чейин кыскарганы белгиленүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Пакистан, Бангладеш жарандарына жасалма №86 формасын жасап бергендер кармалды

Пакистан, Бангладеш жарандарына жасалма №86 формасын жасап бергендер кармалды

Бишкекте мыйзамсыз миграция каналы аныкталып, уюштуруучулар колго түшүрүлгөнүн УКМКдан билдиришти. Атайын кызматтан билдиришкендей, ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Пакистандын жараны А.М. жана ага көмөктөшкөн Улуттук госпиталдын кызматкери И.Т.В. кармалды. Кылмышка шектүүлөр чет өлкөлүк жарандарга (Пакистан, Бангладеш) медициналык кароодон өткөрбөстөн, виза мөөнөтүн узартуу үчүн колдонулуучу №086 формасындагы жасалма маалымкаттарды сатып

"Кыргызнефтьгаз" иши боюнча экс-депутат Н.Нишанов, Н. Айдарова убактылуу кармоочу жайга киргизилди

"Кыргызнефтьгаз" иши боюнча экс-депутат Н.Нишанов, Н. Айдарова убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нургазы Нишанов жана Назгүл Айдарова сурактан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин Kaktus.media редакциясына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билдиришти. Алардын айтымында, парламенттин мурдагы депутаты, учурда "Кыргызнефтьгаз" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов жана "Регион Ойл" компаниясынын директору Назгүл Айдарова коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин

Samsung  үч бүктөлүүчү гаджетти сатууну токтотушу мүмкүнбү?

Samsung үч бүктөлүүчү гаджетти сатууну токтотушу мүмкүнбү?

Samsung компаниясы жакын арада үч бүктөлүүчү гаджет — Galaxy Z TriFold моделин сатуудан баш тартышы мүмкүн экенин SamMobile кореялык Donga басылмасына шилтеме берүү менен маалымдады. Маалыматка ылайык, компания бул телефонду Түштүк Корея рыногуна жеткирүүнү токтотууга даярданып жатат. Жакынкы күндөрү дүкөндөргө түшүшү мүмкүн болгон смартфондордун партиясы акыркысы болуп калышы мүмкүн. Маалымат булактары

ЕАЭБ алкагындагы өнөр жай кооперациясына 2026-жылы 9 млрд сом бөлүндү – Данил Ибраев

ЕАЭБ алкагындагы өнөр жай кооперациясына 2026-жылы 9 млрд сом бөлүндү – Данил Ибраев

Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнөр жай кооперациясына бөлүнгөн бюджет 2026-жылы үч эсеге көбөйүп, 3 млрд рублден 9 млрд рублге жеткенин кечээ брифингде ЕАЭБдин Ишкерлер кеңешинин президиум мүчөсү Данил Ибраев билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы бул максаттарга 3 млрд рубль каралган болсо, 2024-жылы болжол менен 1,8 млрд рубль болгон. Ошентип, 2024-жылга