Автоунаа алуу үчүн 4% жана 8% менен жеңилдетилген насыялар сунушталууда
Кыргызстанда жаңы автоунааларды сатып алуу үчүн жеңилдетилген автокредит программалары ишке кирди. Эми жарандар унааны жылдык 8% менен, ал эми мамлекеттик жана бюджеттик сектордун кызматкерлери 4% менен ала алышат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
"Жеңил" программасы мамлекеттик колдоо менен ишке ашырылып, бюджеттик тармакта иштегендерге арналган. Анын алкагында насыя 3 же 5 жылга чейин, алгачкы төлөм менен же төлөмсүз берилет.
Ал эми бардык жарандар үчүн жылдык 8% менен автонасыя жеткиликтүү.
Жеңилдетилген шарттар жаңы унааларды жеткиликтүү кылууда. Мисалы, Chevrolet Cobalt моделин 4% менен алганда ай сайынкы төлөм 17 680 сомдон, 8% менен — 19 465 сомдон башталат.
Белгилей кетсек, Chevrolet унаалары Кыргызстандагы "Тулпар Моторс" заводунда чогултулат. Өткөн жылы бул бренд өлкөдө эң көп сатылган унаа болуп, 1700дөн ашуун автоунаа сатылган.
Жаңы программалар жарандар үчүн заманбап унааларды ыңгайлуу шартта сатып алууга мүмкүнчүлүк түзөт.