Эки айда кызмат көрсөтүү тармагы 107,1% өсүштү камсыздады

Эки айда кызмат көрсөтүү тармагы 107,1% өсүштү камсыздады

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда социалдык-экономикалык өнүгүү туруктуу өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына таюнуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, кызмат көрсөтүү тармагы ИДПнын түзүмүндө дээрлик 50% үлүштү ээлеп, экономиканын негизги кыймылдаткычы бойдон калууда. Бул тармак экономикалык өсүшкө 4,82%дык пункт кошуп, өсүү темпи 107,1%ды түздү.

Ошол эле учурда жыл башында соода активдүүлүгүнүн сезондук төмөндөшүнө байланыштуу кызмат көрсөтүү секторунда өсүш бир аз жайлады. Айрыкча дүң жана чекене соодадагы динамиканын басаңдашы байкалды.

Бирок 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу:

  • дүң жана чекене соода жүгүртүүсү 13,2%га өстү;
  • чекене соода 14,3%га;
  • дүң соода 9,1%га көбөйдү.
Транспорт жана жүктөрдү сактоо кызматтары 21,9 млрд сомду түзүп, 3,7 %га өстү. Бул негизинен почта жана курьердик кызматтардын 18,4%га көбөйүшү менен байланыштуу.
Мейманкана жана ресторан кызматтары 13,2%га өсүп, 7,7 млрд сомго жетти. Ошондой эле маалымат жана байланыш кызматтарынын көлөмү 8,2%га көбөйдү.

Жалпысынан алганда, кызмат көрсөтүү сектору экономиканын негизги өсүү булагы бойдон калууда.

Мындан тышкары окуңуз

Манас – Багыш багытында 4 тилкелүү автожол курулууда

Манас – Багыш багытында 4 тилкелүү автожол курулууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы тарабынан Манас шаарынан Багыш айылына чейинки автожолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзгөн жол мурдагы темир жолдун ордуна салынууда. Учурда курулуш иштеринин алкагында эски темир жол конструкциялары алынууда. Ошондой эле жолдун негизин даярдоо жана

Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы төмөндөй баштады

Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы төмөндөй баштады

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы саткан өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы акыркы күндөрү төмөндөй баштаганы байкалууда. Мындан 10 күн мурда, 9-мартта Улуттук банктын алтын куймасынын 100 гр - 1 491 831 сом турса, бүгүн 19 мартта - 1 417 234 сомдон сатылып жатат. Улуттук банк алтын куймаларын сатуу жана кайра сатып алуу

Жогорку Кеңеште 90 депутаттын 31и аял: Кыргызстан дүйнөдө лидер

Жогорку Кеңеште 90 депутаттын 31и аял: Кыргызстан дүйнөдө лидер

Жогорку Кеңеште аял депутаттардын саны 31ге жетип, бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди. Анын айтымында, Бириккен Улуттар Уюмунун Парламенттер аралык бирлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан парламенттеги аялдардын үлүшү боюнча дүйнөлүк лидер деп табылган. Төрага белгилегендей, парламентте аялдардын өкүлчүлүгүн арттырууга өзгөчө көңүл бурулуп

Кыргызстандын тышкы соодасы 1,1 млрд долларга жетти

Кыргызстандын тышкы соодасы 1,1 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 1,1 млрд АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,0%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматына шилтеме берүү менен билдирди. Ошол эле учурда экспорт 20,3%га кыскарып, импорт 6,1%га көбөйдү. Жалпы