Кудайбергендеги бузулган 600 гараждын ордуна мектеп курулуп жатат
Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде эки кабаттуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатканын Курулуш министрлиги билдирди.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып жатат.
Имарат 5 блоктон турат. Жалпы аянты 3680 чарчы метрди түзөт. Мектепте окуу класстары, устаканалар, компьютердик класс, актовый зал, ашкана жана спорт залы каралган. Мындан тышкары, аймакта футбол жана волейбол үчүн жайкы спорт аянтчалары курулат.


Учурда жер иштеринин этабы аяктап, топуракты тыгыздоо иштери жүрүп жатат.