Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү боюнча 100дөн ашуун программа иштелип чыкты — Экономика министрлиги

Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү боюнча 100дөн ашуун программа иштелип чыкты — Экономика министрлиги

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү боюнча 100дөн ашуун программа иштелип чыкты. Бул тууралуу Экономика министрлигине караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директорунун орун басары Бакыт Рыспаев радио эфиринде билдирди.

Анын айтымында, программанын негизги максаты — аймактар арасындагы теңсиздикти азайтуу жана дотацияда турган аймактарды өзүн-өзү камсыздай алган деңгээлге жеткирүү.

Рыспаев белгилегендей, Кант жана Өзгөн шаарлары үчүн мастер-пландар даярдалып бүттү. Анда негизинен инфраструктуралык жана башкаруу маселелерин чечүү артыкчылыктуу багыт катары каралган. Учурда документтер бекитүү баскычында турат.

Муну менен катар өлкө боюнча аймактар жана шаарлар үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү программалары (СЭӨП) иштелип чыгып, аларды ишке ашыруу үчүн адистер окутулууда.

Программанын алкагында:

  • Кара-Суу районунда автоунаа чогултуучу завод курулууда, ошондой эле аккумулятор жана LED чырактарды өндүрүү пландалууда;
  • Араван районунда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу заводдорду жана кубаттуулугу 9 МВт болгон ГЭСтер каскадын куруу каралууда;
  • Өзгөн районунда 600 тонна сыйымдуулуктагы логистикалык борбор куруу пландалууда.

Рыспаевдин айтымында, аймактарды өнүктүрүү үч негизги багыт боюнча жүргүзүлөт: айыл чарба, өнөр жай жана туризм.

Мындан тышкары окуңуз

Бир нече автожолдорго "Автоураган" камералары орнотулду

Бир нече автожолдорго "Автоураган" камералары орнотулду

Жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгынын (ЖККББ) басма сөз кызматы билдиргендей, "Автоураган" аппараттык-программалык комплекстеринин бир нечеси пайдаланууга берилди. Бул комплекстер төмөнкү жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктайт: * коопсуздук курун тагынбоо; * каршы тилкеге чыгып кетүү; * ылдамдыкты ашыруу; * жол белгилеринин жана жол чийиндеринин талаптарын сактабоо; * "Коопсуз шаар" камералары аркылуу төлөнбөгөн

Ысык-Көл облусунда асфальт төшөө иштери башталды

Ысык-Көл облусунда асфальт төшөө иштери башталды

Ысык-Көл облусунда 2026-жылдагы алгачкы асфальт төшөө иштери башталганын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрликтин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков жол курулушуна даярдык көрүү иштерин, материалдар менен камсыз кылууну, ошондой эле Балыкчы — Барскоон — Каракол автожолунун тилкесин текшерип чыкты. Маалыматка ылайык, буга чейин Россия менен жетишилген келишимдин негизинде быйыл

Камчыбек Ташиев өзүн каралаган маалыматтар тарап жатканын айтып, элден кечирим сурады

Камчыбек Ташиев өзүн каралаган маалыматтар тарап жатканын айтып, элден кечирим сурады

УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев Айт намаздан кийин элден кечирим сурап, өзү тууралуу жалган жана негизсиз маалыматтар тарап жатканын айтты. "Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү Айт намазынын урматына кимдир бирөөнү капа кылсам же кимдир бирөөгө туура эмес мамиле кылган болсом ар бир мусулман калкынан кечирим сурайм. Орозо маалында ар

Бишкекте коопсуздук эрежесин бузган объектке 200 миң сом айып салынды

Бишкекте коопсуздук эрежесин бузган объектке 200 миң сом айып салынды

Кечээ Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсү, 269 дарегинде жайгашкан курулуш объектисинде техникалык коопсуздук эрежелери сакталбай жаткандыгы тууралуу видео кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Аталган кайрылуунун негизинде министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан ыкчам текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш объектисинде “Курулуштагы эмгекти