Кыргызстан менен Индия энергетика тармагындагы кызматташууну талкуулады

Кыргызстан менен Индия энергетика тармагындагы кызматташууну талкуулады

Bharat Electricity Summit 2026 алкагында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Индиянын энергетика министри Манохар Лал мырза менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар кыргыз-индия мамилелеринин достук мүнөзүн белгилеп, энергетика тармагындагы кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Министрлер эки өлкөнүн энергетика секторунун өнүгүшү боюнча пикир алышып, кайра жаралуучу энергия булактары, гидроэнергетика, көмүр өнөр жайы, энергетикалык инфраструктураны жаңылоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу багыттарында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Кыргыз тарап Индиянын ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле CASA-1000 долбоорунун жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп, индиялык компаниялардын салымы белгиленди жана аны өз убагында бүтүрүүнүн мааниси айтылды.

Мындан тышкары, Индиянын алдыңкы энергетикалык компаниялары — NTPC Limited жана NHPC Limited менен кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өтүп, тараптар өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти. Ошондой эле кыргыз тарап Индия делегациясын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн энергетика министрлеринин жыйынына чакырды. Аталган иш-чара 2026-жылдын июнь айында Кыргызстанда өтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Пермь крайына Кыргызстандан 20,7 тонна жаңы сабиз жеткирилди

Пермь крайына Кыргызстандан 20,7 тонна жаңы сабиз жеткирилди

Россия Федеральдык ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын башкармалыгы Пермь крайына Кыргызстандан салмагы 20,7 тонна болгон жаңы сабиздин биринчи партиясынын киргизилишин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу ведомство маалымдады. Алардын маалыматына ылайык, өткөн жылдын ушул эле мезгилинде мындай продукция аймакка келген эмес. "Башкармалыктын кызматкерлери Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Бүткүл россиялык илимий-изилдөө институтуна караштуу

Ысык-Көл облусунда быйыл шамал электр станциясы курулуп баштайт

Ысык-Көл облусунда быйыл шамал электр станциясы курулуп баштайт

Ысык-Көл облусунда Россиянын "Росатом" корпорациясы менен биргеликте курула турган шамал электр станциясынын биринчи этабы быйыл башталарын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Мир" телеканалына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, бул стратегиялык долбоор боюнча даярдык иштери 2024-жылдан бери жүргүзүлүп келет. "Быйылкы жылы долбоордун каржылык бөлүгү толугу менен

Кыргызстанда эң маанилүү эки ири долбоор ишке ашып жатат – А.Касымалиев

Кыргызстанда эң маанилүү эки ири долбоор ишке ашып жатат – А.Касымалиев

Кыргызстанда азыр бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жаткаын МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев "Мир" телеканалына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу ишке ашууда. Бул долбоор бир гана Кыргызстан үчүн эмес, бүтүндөй аймак үчүн маанилүү. Бул Чыгыш менен Батышты байланыштырууга жол ачат. "

Бишкек ШКУнун кезенктеги жыйынын жаңы жүз менен тосот – А.Касымалиев

Бишкек ШКУнун кезенктеги жыйынын жаңы жүз менен тосот – А.Касымалиев

Бишкек алдыда Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги жыйынын жаңы инфраструктура менен тосорун МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев “Мир” телеканалына берген маегинде билдирди. Төраганын айтымында, Кыргызстан алдыда ШКУ саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу масштабдуу иш-чараларды өткөрөт. Буга карата аэропорттон келүүчү атайын жол, конгресс-холл жана 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион курулушу жүрүүдө. “Азыркы учурда