ЕАЭБде жүк ташуулар үчүн навигациялык пломбаларды орнотуу жайлары аныкталды
МинКаб 2024-жылдын 23-апрелиндеги №191 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул документ Евразия экономикалык бирлиги алкагында электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүк ташууларды көзөмөлдөө механизмин жөнгө салат. Документке Адылбек Касымалиев кол койгон.
Белгиленгендей, эми бажы жана салык кызматтары түздөн-түз Министрлер кабинетине баш ийет (мурда Финансы министрлигине карачу). Ошондой эле транзит жана экспорт учурунда навигациялык пломбаларды орнотуу жана алуу үчүн бажы көзөмөлүнүн так жайлары аныкталды.
Автотранспорт үчүн пломбалар төмөнкү товарларды эсепке алуу пункттарында орнотулат:
- Чалдыбар — автожол пункту
- Ак-Жол — автожол пункту
- Ак-Тилек — автожол пункту
- Чоң-Капка — автожол пункту
- Каркыра — автожол пункту
Темир жол аркылуу ташууда бул процедура вагондорду жүктөө учурунда төмөнкү тогуз станциянын кошумча жолдорунда жүргүзүлөт:
- Бишкек-1
- Аламүдүн
- Балыкчы
- Кара-Балта
- Каинды
- Беловодское
- Шопоков
- Кант
- Токмок
Документке ылайык, товарларды Кыргызстанга импорттоодо пломбаларды алуу автоташууларда жүктү алуучунун аймагында, ал эми темир жол ташууларында станциялардын түшүрүүчү жолдорунда жүргүзүлүшү керек.