Кыргызстанда 69 851 адам салык декларациясын тапшырды

Кыргызстанда 69 851 адам салык декларациясын тапшырды

23-мартка карата бирдиктүү салык декларациясын тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны 69 миң 851 адамды түзгөнүн Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Анын ичинде 26 миң 219 юридикалык жак жана 43 миң 632 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле айрым жеке жактар декларация тапшырышкан. Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү декларацияны акыркы мөөнөткө калтырбай, алдын ала тапшырууга чакырат.
Эске салсак, 1-апрелге чейин салык декларациясын тапшырууга төмөнкүлөр милдеттүү:
  • ата мекендик уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдардан тышкары);
  • туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
  • Судьяларды тандоо кеңешинин, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, ошондой эле Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү.
  • мамлекеттик үлүшү бар мекеме, ишкана же уюмдардын жетекчилери жана алардын орун басарлары.

1-майга чейин төмөнкүлөр декларация тапшырууга тийиш:

  • жеке ишкерлер (0%, 0,1%, 0,5% жана 1% бирдиктүү салык ставкалары боюнча патенттин негизинде өзгөчө режимдеги соода зонасында иш жүргүзгөндөрдү, ошондой эле юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермер) чарбаларын кошпогондо);
  • эл аралык уюмдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде иштеген КР жарандары;
  • отчеттук мезгил үчүн киреше салыгы кармалбаган салык салынуучу киреше алган жеке жактар.

Башка жеке жактар, анын ичинде социалдык же мүлктүк жеңилдиктерди алууну каалагандар, декларацияны ыктыярдуу түрдө тапшыра алышат.

Кененирээк маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Нурлан Мотуевге жалаа жана мазактоо иши боюнча 20 миң сом айып пул салынды

Нурлан Мотуевге жалаа жана мазактоо иши боюнча 20 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 2026-жылдын февраль айында Нурлан Мотуевди 20 миң сом айып пул төлөөгө өкүм кылганын соттун өзүнөн билдиришти. Мотуев Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 107-беренеси ("Массалык маалымат каражаттарында же интернеттеги сайттарда жарыяланган жалаа жана мазактоо") боюнча айыпталган. Ал Мирбек Мияров жоопкер, ал эми Хабиби Уланова

Кыргызстанда ветеринардык көзөмөл чаралары күчөтүлдү

Кыргызстанда ветеринардык көзөмөл чаралары күчөтүлдү

Өлкө аймагында жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын кирип келүүсүн жана жайылышын алдын алуу максатында ветеринардык-санитардык көзөмөл чаралары күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, көзөмөл чаралары эл аралык талаптарга жана Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" мыйзамына ылайык жүргүзүлүүдө. Анын алкагында кооптуу ылаңдар

Бишкекте ар бир дарак “паспорт” алат: жаңы экологиялык система ишке кирди

Бишкекте ар бир дарак “паспорт” алат: жаңы экологиялык система ишке кирди

Бишкек шаарында жашыл көчөттөрдүн бирдиктүү реестрин түзүү чечими кабыл алынды. Бул демилге Экологиялык кеңештин алкагында сунушталып, коомчулук тарабынан кеңири колдоого ээ болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдирди. Ага ылайык, шаар мэри Айбек Джунушалиев “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасына электрондук карталарды иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Жаңы система аркылуу ар бир

Достук айылында 3 кабаттуу жаңы мектеп курулууда

Достук айылында 3 кабаттуу жаңы мектеп курулууда

Борбор калаанын четиндеги Достук айылында жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Жаңы мектеп башкы планга ылайык 5 блоктон турган, 3 кабаттуу заманбап имарат болуп курулат. Анда окуу класстары, эмгек кабинеттер, компьютердик класстар, жыйындар залы, ашкана, китепкана жана бардык шарттары каралган спорт зал болот. Курулуш иштери өзгөчө