Соода-өнөр жай палатасы менен «Дордой Камсыздоо» кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

Соода-өнөр жай палатасы менен «Дордой Камсыздоо» кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

КРнын Соода-өнөр жай палатасы менен «Дордой Камсыздоо» ЖАК ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Документ бизнес коомчулугу менен камсыздандыруу секторунун ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

Соода-өнөр жай палатасынан маалымдагандай, меморандумга кол коюуда тараптар азыркы шартта ишкерлерге бизнести өнүктүрүү үчүн гана эмес, мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргонуу үчүн да ишенимдүү механизмдер зарыл экенин белгилешти. Кызматташтыктын алкагында каржылык жана камсыздандыруу сабаттуулугун жогорулатуу, камсыздандыруу коргоо механизмдерин өнүктүрүү жана ишкерлердин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүн колдоо боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлүшү күтүлөт.

Ошондой эле өнөктөштүктүн алкагында тобокелдиктерди башкаруу маданиятын калыптандыруу, бизнес үчүн заманбап камсыздандыруу чечимдерине жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана камсыздандыруу инструменттерине болгон ишенимди арттыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулмакчы.

Тараптар кол коюлган меморандум узак мөөнөттүү жана натыйжалуу кызматташууга негиз болуп, өлкөдөгү ишкердик чөйрөнүн өнүгүшүнө жана камсыздандыруу маданиятынын жогорулашына өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Талас районунда жаңы архитектура башкармалыгынын имараты ачылды

Талас районунда жаңы архитектура башкармалыгынын имараты ачылды

Кечээ Талас облусунун Талас районунда Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Курулуш министри Нурдан Орунтаев, Президенттин облустагы өкүлү Эрмат Джумаев, жергиликтүү жетекчилер, архитекторлор жана тургундар катышты. Министр жаңы имарат башкаруунун ишин жакшыртып, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатарын белгиледи. Имарат Көк-Ой айылындагы Манас көчөсү

Ошто үйү сүрдүрүлгөн жарандарга акчалай кенемте төлөнбөйт

Ошто үйү сүрдүрүлгөн жарандарга акчалай кенемте төлөнбөйт

Ош шаарында турак жайы жана коммерциялык объектилери бузулган жарандарга акчалай кенемте төлөнбөй турганын шаар мэри Жанарбек Акаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, каражаттын ордуна жер тилкелери берилет. "Биз жарандардын абалын жакшы түшүнүп жатабыз. Бирок ошол эле учурда бир ачуу чындыкты айтууга туура келет — аларга акчалай түрдө кенемте төлөп

Алтын сатып берем деп 4 млн сомду алдап кеткен аял кармалды

Алтын сатып берем деп 4 млн сомду алдап кеткен аял кармалды

Бишкекте 4 млн сомду алып, изин жашырып кеткен аял кармалганын Бишкек шаардык милициясынан билдиришти. Милицияга С.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Д.С. аттуу аялга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, былтыр июнь айында шектүү ишенимге кирип, 4 млн 129 миң сомун алып, андан кийин изин жашырып

Эт эмнеге  кымбат, аны кантип арзандатса болот?

Эт эмнеге кымбат, аны кантип арзандатса болот?

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков УТРКнын "Диалог" берүүсүндө Кыргызстандын рыногу үчүн эттин баасы кыйла жогору экенин айтты. Ошол эле учурда коңшу Тажикстан менен Өзбекстанда баалар 1400 сомго чейин жетерин жана бул айырмачылык ортомчулардын пайда көрүүсүнө шарт түзүп жатканын кошумчалады. "Этти