Эт эмнеге кымбат, аны кантип арзандатса болот?

Эт эмнеге  кымбат, аны кантип арзандатса болот?

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков УТРКнын "Диалог" берүүсүндө Кыргызстандын рыногу үчүн эттин баасы кыйла жогору экенин айтты. Ошол эле учурда коңшу Тажикстан менен Өзбекстанда баалар 1400 сомго чейин жетерин жана бул айырмачылык ортомчулардын пайда көрүүсүнө шарт түзүп жатканын кошумчалады.

"Этти экспорттоого киргизилген чектөөлөр фермерлердин ишине тоскоолдук кылбайт. Анткени малды же этти фермерлер өздөрү экспорттобойт, бул иш менен ортодогу "оюнчулар" алектенет. Россиядан жана Өзбекстандан келген ишкерлер биздин фермерлерден малды сатып алып кетүүгө аракет кылышат. Акыркы төрт айдын статистикасы боюнча, жалпысынан 53 миң баш бодо мал жана кой экспорттолгон. Аны коңшу өлкөлөргө алып барып, 1200–1400 сомдон сатышат. Бул жерден фермер эмес, ошол сырттан келген ортомчу ишкерлер гана пайда көрүп жатышат", — деди министр.

Эрлист Акунбеков белгилегендей, буга чейин этти арзандатуу максатында мамлекет тарабынан мал сатып алынып, арзан баада сатуу аракеттери болгон. Бирок, сатып алуучулар ал этти кайра эле кардарларга кымбат баада сатышкан.

"Бул көйгөйдү чечүү үчүн министрлик эт кластерлерин түзүү демилгесин баштады. Негизги максат — этти фермерден кардарга түз жеткирүү. Учурда бул багытка 1,5 млрд сом бөлүнүп, 10 кластер түзүлүп жатат. Система "фермер — мал союучу жай — соода түйүнү — кардар" деген чынжыр менен иштейт. Бул система ишке киргенде фермер өз мээнетине жараша жакшы пайда табат. Ал эми керектөөчү биринчиден таза, ветеринардык текшерүүдөн өткөн, экинчиден кошумча ортомчусуз, арзан баада эт алууга мүмкүнчүлүк алат", — деди министр.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media