Чек арада 12 миллион сомдук мыйзамсыз БАД алынды
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 12 млн сомдон ашык суммадагы биологиялык активдүү кошулмаларды (БАД) мыйзамсыз алып кирүү аракетин токтотушту.
Мекеменин маалыматына ылайык, мыйзам бузуу "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда рейддик салыктык текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган. Натыйжада бир топ адам продукцияны кол жүгү катары көрсөтүп, өлкөгө алып кирүүгө аракет кылганы белгилүү болгон.
Текшерүүнүн жыйынтыгында ENYIDA аттуу БАДдар 4,4 миң даана өлчөмүндө табылган. Алдын ала эсеп боюнча бул партиянын баасы 12 млн сомдон ашат.