Кытай ички рынокто бензин менен дизелдин баасын көтөрөт

Кытай ички рынокто бензин менен дизелдин баасын көтөрөт

Кытай бийлиги өлкө ичинде бензин жана дизелдик отундун чекене баасын жогорулатканын Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-марттан тартып бензиндин бир тоннасынын баасы 1 миң 160 юанга (болжол менен 168 доллар), ал эми дизелдик отун 1 миң 115 юанга (болжол менен 161 доллар) кымбаттайт.
Тиешелүү өзгөртүүлөрдөн кийин аймакка жараша бензиндин бир тоннасы 10 415тен 10 855 юанга чейин (1 509дан 1 573 долларга чейин) жетет. Дизелдик отундун баасы болсо 9 460тан 9 800 юанга чейин (1 371ден 1 420 долларга чейин) болот.
Кытайда отун бааларын мамлекеттик жөнгө салуу саясатына ылайык, эгер дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы өзгөрүп, анын таасиринен ички рынокто мунай продуктыларынын бир тоннасынын баасы 50 юандан ашык өссө же төмөндөсө жана бул абал 10 жумуш күн бою сакталса, анда бензин менен дизелдин баасы кайра каралат.

Өлкө ичинде баалар аймактарга жараша айырмаланат, анткени айрым жерлерде мамлекеттик субсидиялар каралган. Салттуу түрдө эң жогорку баалар Чэнду шаарында, ал эми эң төмөн баалар Синьцзян-Уйгур автоном районунда белгиленет.

Буга чейинки баа жогорулатуу 10-мартта жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жазгы фестиваль болуп, ага 3 000ден ашуун конок катышты

Бишкекте жазгы фестиваль болуп, ага 3 000ден ашуун конок катышты

Royal Central Park  - Spring Festival уюштуруп, ага 3 миңден ашуун конок катышып, чыныгы майрамдык маанай тартууланды. Жазгы фестивалдын өзөгүн дээрлик 6 мүнөткө созулган жаркыраган фейерверк-шоу түзүп, Бишкектин асманын түркүн түскө боеп, катышуучуларга унутулгус таасир калтырды. 2026-жылдын 22-мартында өткөн фестивалда коноктор үчүн жарманке жана кол өнөрчүлүк зоналары, балдар үчүн көңүл

Сулайман-Тоо комплексин оңдоп-түзөөгө 12,7 млн доллар бөлүнөт

Сулайман-Тоо комплексин оңдоп-түзөөгө 12,7 млн доллар бөлүнөт

Быйыл Сулайман-Тоодо оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын июнь айында башталарын “Сулайман-Тоо” тарыхый- археологиялык музей комплексинин директору Медербек Апарханов "Эркин-Тоого" берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Сулайман-Тоо комплексин оңдоп-түзөө иштерин каржылоо үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан 12 млн 700 миң доллар бөүнгөнү турат. "Учурда долбоордун

Чек арада  12 миллион сомдук мыйзамсыз БАД алынды

Чек арада 12 миллион сомдук мыйзамсыз БАД алынды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 12 млн сомдон ашык суммадагы биологиялык активдүү кошулмаларды (БАД) мыйзамсыз алып кирүү аракетин токтотушту. Мекеменин маалыматына ылайык, мыйзам бузуу "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда рейддик салыктык текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган. Натыйжада бир топ адам продукцияны кол жүгү катары көрсөтүп, өлкөгө алып кирүүгө аракет кылганы белгилүү болгон. Текшерүүнүн

Россиянын В.Гриб атындагы кенинде 56 карат болгон алмаз казылып алынды

Россиянын В.Гриб атындагы кенинде 56 карат болгон алмаз казылып алынды

Россиянын Архангельск облусунун Мезень округундагы Владимир Гриб атындагы кенде салмагы 56 карат болгон алмаз казылып алынганын "АГД Даймондс" компаниясына таянып, ТАСС билдирди. Маалыматка караганда, кристаллдын өлчөмү 23,7 × 22,7 × 16,4 мм түзгөн. Бул 2026-жылы аймакта табылган экинчи ири алмаз (50 караттан жогору) болуп саналат жана бул