Кытай компаниясы Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди

Кытай компаниясы Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров China State Construction Engineering Corporation компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Анда Кыргызстан менен China State Construction Engineering Corporation ортосунда ири инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды.

Тараптар транспорттук инфраструктураны, анын ичинде автожолдорду, көпүрөлөрдү жана темир жолдорду куруу жана жаңылоо маселелерине, энергетикалык объекттерди, коммуналдык системаларды өнүктүрүүгө, ошондой эле кыймылсыз мүлк жана шаарларды комплекстүү өнүктүрүү тармагындагы долбоорлорго токтолушту.

Мындан тышкары, инфраструктуралык курулушта заманбап "жашыл" жана санариптик технологияларды киргизүү маселелери өзүнчө каралды.

CSCEC өкүлдөрү эл аралык долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбасы, анын ичинде "Бир алкак — бир жол" демилгесине катышуусу тууралуу маалымат беришип, кыргыз тарап менен кызматташуунун мүмкүн болгон форматтарын талкуулашты. Атап айтканда, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде PPP, BOT жана EPC форматтары каралды.

"Кыргызстан инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда стратегиялык өнөктөштөрдү тартууга кызыкдар. Биз CSCEC менен кызматташууну заманбап технологияларды киргизүү, инвестицияларды тартуу жана өлкөдөгү инфраструктуранын сапатын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү катары карайбыз", - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Мындан тышкары окуңуз

Арашан–Чуңкурчак унаа жолу асфальтталат

Арашан–Чуңкурчак унаа жолу асфальтталат

Быйыл апрель айында Арашан–Чуңкурчак унаа жолу оңдолуп, асфальт төшөө иштери башталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда жолдун 0–22-чакырым аралыгында кеңейтүү жана негизин даярдоо жумуштары толугу менен аяктады. Белгилей кетсек, 2025-жылы бул тилкеде суу өткөрүүчү түтүктөр орнотулуп, эки көпүрө реконструкцияланган. Долбоор мамлекеттик капиталдык салымдардын

Сот аткаруучулар 1,8 млн сомдук карызды өндүрдү

Сот аткаруучулар 1,8 млн сомдук карызды өндүрдү

Бишкекте мамлекеттик төлөмдүн суммасы 1 млн 780 миң 920 сом өндүрүлгөнү тууралуу Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Биринчи май райондук бөлүмүндө республикалык бюджетке мамлекеттик төлөмдү өндүрүү боюнча өндүрүш иштери жүрүп жаткан. Күчкө салып аткаруу чараларынын натыйжасында бир мамлекеттик органдан 1 млн 780 миң 920 сомдук карыз толук өндүрүлдү. Мындан мурда 445

Бишкектин батыш тарабында 12 соода павильону алынат

Бишкектин батыш тарабында 12 соода павильону алынат

Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясынын чечими менен П.Лумумба жана Волков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан объектилер менен келишимдер токтотулганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы жеңил түрдөгү соода павильондорун демонтаждоого киришти. Аймакта жалпы 12 объект аныкталды. Азырынча 4 павильон алынган, калган 8 объект боюнча иштер улантылып жатат. Мэрия кошумчалагандай,

Ар бир төртүнчү кыргызстандык жакырчылыкта жашайт — WFP

Ар бир төртүнчү кыргызстандык жакырчылыкта жашайт — WFP

Кыргызстандын калкынын болжол менен 26%ы жакырчылык чегинен төмөн жашарын Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) “Kyrgyz Republic Country Brief, March 2026” аттуу отчетунда айтылган. Изилдөөгө ылайык, өлкө тургундарынын 41%дан көбү сапаттуу тамак-ашты сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок, ал эми 75%ы тиричилик үчүн терс стратегияларга барып жатышат — карыз