Россиянын В.Гриб атындагы кенинде 56 карат болгон алмаз казылып алынды
Россиянын Архангельск облусунун Мезень округундагы Владимир Гриб атындагы кенде салмагы 56 карат болгон алмаз казылып алынганын "АГД Даймондс" компаниясына таянып, ТАСС билдирди.
Маалыматка караганда, кристаллдын өлчөмү 23,7 × 22,7 × 16,4 мм түзгөн. Бул 2026-жылы аймакта табылган экинчи ири алмаз (50 караттан жогору) болуп саналат жана бул кенде өнөр жайлык иштетүү башталгандан бери алынган 53-өзгөчө ири уникалдуу таш болуп эсептелет.
Жыл сайын Владимир Гриб атындагы кенде болжол менен 4 млн карат алмаз өндүрүлөт. Ушул эле комбинатта февраль айында салмагы 228,62 карат болгон алмаз табылган.
Архангельск облусу Европада алмазды өнөр жайлык деңгээлде казып алуу жүргүзүлгөн жалгыз аймак болуп саналат. Приморск округунда Ломоносов атындагы кен иштейт, ал эми Мезень округунда — Владимир Гриб атындагы кен жайгашкан.