Сулайман-Тоо комплексин оңдоп-түзөөгө 12,7 млн доллар бөлүнөт
Быйыл Сулайман-Тоодо оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын июнь айында башталарын “Сулайман-Тоо” тарыхый- археологиялык музей комплексинин директору Медербек Апарханов "Эркин-Тоого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Сулайман-Тоо комплексин оңдоп-түзөө иштерин каржылоо үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан 12 млн 700 миң доллар бөүнгөнү турат. "Учурда долбоордун эскизи жасалып, учурда колубузга тийди. Азыр Ош шаардык архитектурасынын кароосунда турат. Алар техникалык корутунду чыгарып беришсе эле, экспертизага кетет. Ошентип, быйылкы жылдын июнь айында жумуштар башталат деп үмүттөнүп жатабыз",-дейт ал.
Буга улай М.Апарханов, бөлүнгөн каражатка Сулайман-Тоонун туристтик потенциалын жогорулатуу максатында жалпы тоонун айланасы реконструкцияланарын кошумчалады. Мурда 14 локация болчу, кыскарып азыр 9у калды.