Акциздик марканы сканерлеп – мыйзамдуу товарды тандаңыз
“Акциздик маркаларды сканерлеңиз – мыйзамдуу товарды тандаңыз!” деген чакырык менен Мамлекеттик Салык кызматы алкоголдук ичимдиктерди, тамеки буюмдарын жана таттуу суусундуктарды текшерүү “Салык” мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү экенин маалымдады.
Билдирүүгө караганда – бул товардагы акциздик маркаларды текшерүү аркылуу анын мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин аныктоого болот.
“Салык” мобилдик тиркемеси аркылуу, товардагы акциз марканы телефон менен сканерлеп, ошол товар тууралуу маалыматты (чыгаруучу, катталганы, мыйзамдуулугу) көрүүгө болот. Анын негизинде товар жасалма же мыйзамсыз болсо, бул тууралуу тийиштүү органга билдирүүгө болот.
Бул система керектөөчүлөрдүн укугун коргоп, бюджетке салыктын туура түшүшүнө жардам берет жана рыноктогу таза атаандаштыкты камсыз кылат.

