Түштүк Кореяга иштөөдө эмнелер талап кылынат?

Түштүк Кореяга иштөөдө эмнелер талап кылынат?

Түштүк Кореяда эмгек келишими үч жылга түзүлөт жана аны беш жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү бар экенин "Биринчи радионун" түз эфиринде Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун Эмгек миграциясы башкармалыгынын башчысы Эсенбек Эргешов билдирди.

Анын айтымында, талапкерлер үчүн тандоо төмөнкүдөй тартипте жүрөт:

  • Талапкерлер милдеттүү түрдө корей тили боюнча тест тапшырышат.
  • Тил тестинен ийгиликтүү өткөндөр кийинки этапка чакырылат. Анда Кореянын Эмгек министрлигинин өкүлдөрү талапкерлердин кол моторикасын, кесиптик көндүмдөрүн жана физикалык даярдыгын текшеришет.
  • Бардык этаптардан өткөн жарандар Түштүк Кореянын тиешелүү ведомствосунун расмий базасына киргизилет. Ал жерден завод-фабрикалардын ээлери өздөрүнө ылайыктуу кызматкерлерди өздөрү тандап алышат.

Эсенбек Эргешов белгилегендей, бул базада келишим күтүү мөөнөтү эки жылга чейин созулушу мүмкүн жана ал толугу менен корей тараптын тандоосунан көз каранды.

"Биз ар бир жаранга эмгек келишиминин ар бир пунктун кунт коюп изилдөөнү сунуштайбыз. Өзгөчө жашоо шарты жана тамак-ашы, айлык акынын өлчөмү, келишимдин так мөөнөтү, ошондой эле эмгек талаш-тартыштарын чечүү тартибине көңүл буруу зарыл. Бул талаптар Улуу Британия, Түштүк Корея, Түркия же Европа өлкөлөрү болобу — кайсы мамлекетте иштебеңиз, бардыгы үчүн бирдей маанилүү", — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media